Кыргызстандын туңгуч президенти, март ынклабынан кийин Москвага качкан Аскар Акаевдин «Санарип экономиканын доорунда жаңы жолдогу Кыргызстан» («Кыргызстан в эпоху цифровой экономики на новом шелковом пути» ) деп аталган китеп жазып, анын бет ачаарын өткөрдү. Акаев  кызы Бермет менен китепти биргеликте жазган жана китептин бет ачаарын  Москвадагы жогорку окуу жайлардын студенттери жана диаспора өкүлдөрү менен гана өткөрдү. Мамлекеттин эки тизгин, бир чылбырын  15 жыл бою мыкчып, натыйжада  экономиканы алсыратып,  бийликке кызын, уулун, аялын аралаштырып, аларды тыя албай, эӊ алсыз, эӊ акылсыз башкаруучу болгон Акаевдин бул китебине Кыргызстан муктажбы?

Аталган китепте  Кыргызстанга алдыдагы 10 жылдын ичинде өнүгүүнүн кандай стратегиясы керектиги жөнүндө ой-толгоолор камтылган. Алар  бул китеби менен азыркы бийликке акыл үйрөтүп, өздөрүнүн ойлорун жылжытып акырындан сунуштап турганы эмей эмне…

Бул эми чынында  күлкү келерлик көрүнүш. Маанилүү окуя, маанилүү китеп  катары кабыл алууга болбойт. Деги эле, Кыргызстанды болушунча талкалап, жеп, тоноп кеткен качкындар акыл үйрөткөндөн алыс болсо. Жазат десе эле, башка мамлекеттерде олтуруп алып,  ар кандай китептерди жазганды жедеп адатка айлынтып алышты. Андан көрө булар, эртедир-кечтир  кылмыш жоопкерчилигине тартылууга даяр болуп, өздөрүнүн коррупциясы, акмакчылыгы тууралуу томдорду жазышса талапка ылайык болоор…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here