Кыргызс балбаны,  оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков Таиландда өтүп жаткан эл аралык турнирде алтын медаль утуп алганы маалым болду. Олимпиада оюндарына тандоо алкагында өтүп жаткан бул квалификациялык «EGAT’s Cup-2019» турниринде Расулбеков 102 кг салмак арасында мелдешке чыккан.   Кыргыз балбаны алгач 157 кг оордукту булкуп көтөрсө, түртүп көтөрүүдө 202 кг салмакты да талапка ылайык көтөргөн. Ошентип ал,  жалпысынан 347 кг оордукту көтөрүп, биринчи орунду алды.

Бул турнирге катышкан  белгилүү балбан  Иззат Артыков 67 кг салмакта мелдешке чыгып, 4-орунду алды.

Оор атлетикадагы жаңы эрежелерге ылайык, спортчулар квалификациялык турнирлерде упайларды топтошуп, көп упайга жеткен спортчулар 2020-жылы Жапонияда өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алышат. Расулбеков буга чейин да эл аралык турнирлерде байгелүү орундарды багындырып келген.