“Кыргыз темир жолу”  мамлекеттик ишканасы Мамлекетке ири киреше алып келип жаткан эң алдыңкы кирешелүү ишканалардын бири экени жалпыга маалым. Маселен, аталган ишкананын бир жылдык таза кирешеси 500 миллион сомдон 1 миллиард сомго чейин жетет. Мындан тышкары, аталган  миңдеген  адамдарды туруктуу жумуш менен камсыз кылып, аларга татыктуу айылык төлөп жаткан бул мамлекеттик ишкана социалдык төлөмдөргө да миллиондогон каражаттар которуп келет. Бир сөз менен айтканда, “Кыргыз темир жолунун” материалдык – базасын дагы жогорлатып  чыңдап, туура башкаруу саясатын күчөтсө  кыргыз экономикасынын локомотиви болууга чоң мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасын – Акционердик коом кылып түзүү мезгилдин талабы болуп турат. Бул демилгеге   өкмөт да кызыкдар болуш керек.

Эми бул мамлекеттик ишкана эмне үчүн – Акционердик коом болуп өзгөрүшү керек деген маселеге жооп издеп көрөлү. Мамлекеттик ишканага караганда Акционердик коомдун кандай өзгөчөлүктөрү бар?

Биринчиден Акционердик коом болуп түзүлсө – өнүккөн өлкөлөрдөн, ар кандай Эл аралык уюмдардан, банктардан  инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Негизи чет жактардан мамлекеттик ишканаларга инвестиция тартуу иши кыйын. Себеби, эл аралык талап ушундай экенин унутпоо зарыл. Ал эми мындай чоң ишканага – инвестиция тартуу маселеси  көп жылдан бери күндүн темасы болуп келатканы маалым.

Маалымат катары айта кетсек,  Кыргызстанда темир жолдор өтө аз. Тактап айтканда, республикадагы  болгон жалпы темир жолдун узундугу 424,6 чакырымды гана  түзөт. Бул көрсөткүчтөгү темир жолдун  17 пайыз рельси алмаштырууга муктаж боуп турат. Ошол себептен  ар кандай  жүк ташуулардын 95% автоунаалар аркылуу ташылууда. Мунун кесепетинен  авто жолдор  тез талкаланып, ал жолдорду кайра-кайра оңдоого муктаждык жаралып келатканы  турмуштун чындыгы.

Эгер “Кыргыз темир жолу” ишканасы  – Акционердик коому болуп өзгөрүлсө, бул маселе  акырындан өз нугу менен чечилмекчи. Эмнеге дегенде: инвестиция маселеси ишке ашса, Кыргызстанда  темир жолдор көп салынып, жүк  жана эл ташый турган вагондор да көп сатып алына баштайт.  Вагон маселеси демекчи, аз күн мурун ЖМКларга чыккан маалыматтарга таянсак,  ишкананын паркындагы жүк вагондордун 53,3 пайызы иштебей турат. Мындай мүчүлүштүктөрдү жоюу мезгилдин талабы экени талашсыз. Аталган ишкана 2019-жылдан тартып 2025-жылга чейин жалпы суммасы 602 млн сомдон ашуун каражатка 200 жүк вагонун жана 60 жүргүнчү вагонун сатып алуу маселесин колго алып жатканынын ЖМКлар байма-бай жазышууда.

“Кыргыз темир жолун” мамлекеттик ишканадан Акционердик коом кылып өзгөртүүдөн өкмөт эч нерсе уттурбайт. Тескерисинче утат.  Мурункудай эле 100 пайыз мамлекеттик ишкана болуп кала берет. Жетекчиликти мурункудай эле Директорлор кеңеши шайлай берет. Мамлекеттик мүлк фондусу деле мурункудай  өз функциясын аткарат.   Башкаруу системасы азыркыга салыштырмалуу кыйла жакшырып, жогоруда айткандай  өнүгүү маселесине мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Бирок  Акционердик коом болуп өзгөртүү иши чагылгандай тездик менен боло койбойт. Бул маселени өкмөт, Жогорку Кеңеш толугу менен колдосо, жок эле дегенде  алты ай, же бир жыл, балким андан да көп убакыт талап кылынышы мүмкүн.

Кыргыз экономикасын алдыга жылдыруу үчүн —  мындай кадамдарга буга чейин эле барсак жакшы болмок. Ошондой болсо да, такыр ордунан жылбай калганча, эми да кеч эмес. Болгону ишти алдыга жылдыруу  маселеси талапка ылайык жүрүп турса болду. Маалымат катары айта кетсек, Россия, Казакстан баштаган бизге жакын өлкөлөрдө темир жол саясатын мамлекеттик ишканалар эмес, Акционердик коомдор жүргүзөт. Бул өлкөлөрдө темир жол багыты — экономиканы өнүктүрүүгө чоӊ салым кошуп келет.

Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here