Йеменде денеси бир, бирок эки баштуу сиам эгиздер төрөлдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазып чыгышты.

Жарык дүйнөгө келгенине 2 жума болгон   Абдул-Халид жана Абдул-Рахимдин баштары, омурткасы, өпкөсү, жүрөгү жана тамак сиңирүү органдары бөлөк. Ал эми боору, бөйрөктөрү, колдору жана буттары бир.

Учурда дарыгерлер эгиздерди башка өлкөдө дарылап, аман алып калышын айтып жатса, эгиздин атасы каршы болуп жаткан чагы. Ал балдары чогуу болгон күндө гана тирүү калуу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк деп эсептейт.»Мен эки уулумдун тең бир денеде калуусун каалайм. Кудай жөнөткөн нерсеге мен каршы чыга албайм», — деген ал.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here