Ырчы  Сайкал Садыбакасова менен теле алып баруучу катары таанылган Максат Довранов ажырашууну чечишти. Бул тууралуу Гүлшайыр Садыбакасова Turmush басылмасына билдирген.

Ырчынын апасынын айтымында алардын ажырашканына 1 айдын жүзү болду.

«Эки жаштын ортосунда түшүнбөстүктөр болуп, учурда экөө тең ажырашууну чечишкен. Бирок нике күбөлүгү кыркыла элек. Мен Максатты өз баламдай эле көрөм. Сайкал менен Максат ажырашса дагы достук мамилени сактап калышат. Максаттын ишине ийгилик каалайм. Кудагыйым менен да жакшы мамиледемин. Мындан ары мамилебиз уланат», — деди Г.Садыбакасова.

Жубайлардын үлпөт ттою 2017-жылдын 14-ноябрында  өткөн

Похожее изображение