Бул  маалыматты  Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев  маалымат жыйынында билдирди. Ал: « Ал Шадиевдин мүлкү камакка алынган. Учурда конфискацияланган 1 миллиард 852 миллион сомдук мүлк мамлекеттин менчигине өттү», — деп айткан.  Эске  сала кетсек, Шадиевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана кылмыштуу жол менен табылган ири көлөмдөгү каражатты адалдоо фактылары боюнча кылмыш  иш козголгон. Аткаминер сыртынан 10 жылга эркинен ажыратылган.

Шадиев өзүнө кылмыш иши козголордон бир күн мурун, 27-апрелде, Исфанага  тууганынын тажыясына кетип, ал жактан суу кечип кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынан өтүп кеткени маалым. Ал эми бир күндөн кийин дипломаттык паспорту менен Кожент — Москва каттамы менен учуп, андан ары Нью-Йоркко кетип калган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here