Кадимки эле күрүчтү ашканада тамактардын түрүн жасоого колдонуп келгенибиз менен анын ден соолукка жана дене мүчөгө тийгизген оң таасирлерин көп биле бербесек керек. Күрүч организмди эң сонун тазалап, зат алмашууну тездетип, холестерин менен күрөшүүдө алдына эч бир азыкты чыгарбайт. Андан сырткары дене мүчө бир калыпта сакталуусуна кам көрөт, анын курамындагы линоль кычкылы жана сквален антиоксиданты териден коллагендин чыгышына жардам берет.

Дене мүчөнүн сулуу болушуна күрүч диетасы

Эгер сиз көбүрөөк салмак таштагыңыз келсе, анда күрүчкө маани бериңиз. Айрыкча жазда күрүч менен бадыраң кошулган диетага көбүрөөк басым жасасаңыз, күрүч да, бадыраң да майларды кетирип, организмди топтолгон шлактардан арылтат. Бул жактан бир кыстырма, күрүчтөн канчалык аз көлөмдө жесеңиз деле көп убакытка чейин ток бойдон жүрө бересиз. Диета эң эле оңой: болгону бир суткада сууга тузу азыраак кылып 3 порция күрүч бышырып алыңыз жана ага 3 өтө чоң эмес бадыраң кошуңуз. Бадыраңдын сыртын аарчып, кыргычтан өткөрүп, күрүч менен аралаштырасыз. Эгер ал тамагыңыздан өтпөсө лимон ширесинен кошуп алса болот. Мындай диетаны 3 күн кармасаңыз, 2-3 кг ашыкча салмактан арыла аласыз.

Күрүчтөн пилинг

Эгерде бетиңизди, мойнуңузду тазалап пилинг кылгыңыз келсе, күрүчтөн жасалган пилинг абдан мыкты дээр элем. Андай пилинг целлюлит менен күрөшүүдө да эң мыкты натыйжасын берет. Бирок, даярдоону жакшы билиш керек. Бетке жана моюнга 3 кашык күрүчтү сууга бышырасыз. Даяр болгондо ак косметикалык топурак менен аралаштырасыз, бетке жакшы отуруш үчүн минералдык суу кошуп жакшылап аралаштырып бетиңизге, моюнга коюп, ысыгыраак сууга салынган бет аарчыны сыгып бетиңизге жабасыз. Аны бетке жана моюнга 1-2 мүнөт кармагандан кийин бет аарчыны алып салып, бетиңиздеги күрүч кургагычакты күтөсүз. Андан кийин 5 мүнөт коюп, жылуу суу менен жууп саласыз.

Ал эми целлюлитке каршы пилингде күрүчтү сууга бышыруунун кереги жок. Болгону 3 кашык күрүчтү, дан өсүмдүктөрүнөн жасалган кургак ботколорду кофемолкадан майдалап, ваннага түшүп жатканда жогорудагы аралашмадан жышыгычка салып целлюлит болгон жерди жышасыз.

Пилингден кийин күрүчтөн жасалган масканы колдонсоңуз жакшы. Жогоруда айткандай, күрүч коллагенди чыгаргандыктан, беттин териси жаш жана сулуу болуп калат. Ал үчүн 3 кашык күрүчтү бир стакан сууга кайнатып, даяр болгондо аны майдалап бир аш кашык бал кошуп, 1-2 аш кашык жылуу сүт кошуп кайра аралаштырасыз. Масканы таза бетке кургагычакты жаап коёсуз. Кургаганда жылуу суу менен жууп саласыз. Мындай маска бет териси үчүн эң мыкты маскалардын бири.

                                                                                               Самара САЛАМАТОВА