Учурда ырчылык өнөрдү акча табуунун булагы катары көргөндөр аябай көбөйүп кетпедиби. Чындыгында алардын арасында таланты тургай үнү  жоктор да кездешет. Ал эми биздин бүгүнкү каарманыбыздын музыкадан тереӊ түшүнүгү бар экен. Эмесе кеп жеке ырчы Марат Талантбеков тууралуу болмокчу. “Ырчы болуш үчүн музыкалык билим алып, бекеринен 8 жыл окубасам керек”-деп сыймыктануу менен айткан Марат мырза чыгармачылыгы тууралуу буларды айтып берди.

—Ырчы болууга бала кезимде эле кызыкчумун.  Мектепте окуп жүргөндө концерттерге дайыма катышчумун.  Кийин 9-классты бүткөндө борборго  музыкалык окуу жайга тапшырганы  келгенде ата-энем уруксат бербей каршы болушкан.  Кыргыз экономикалык университетине окууга тапшыртышканда окууга келбей бир жыл Көл тарапка кетип калгам. Ал жактан келгенден кийин документтеримди алып, музыкага кызыккандыктан Т.Эрматов атындагы музыкалык колледжге тапшырып өтүп кеткем. Бул окуу жайды бүтүрүп, музыкалык билимимди дагы жогорулатыш үчүн Б.Бейшеналиева атындагы искусство университетинин эстрада факультетине 2013-жылы тапшырып, окуумду быйыл аяктадым. Ал эми музыкалык коллеждде окуп жүргөн учурумда азыркыдай профессионалдуу деӊгээлде ырдай алчу эмесмин. Искусство университетинде болсо 1-курстан тарта бөлкө жеп, лимонад ичип алып түнкү саат бирге чейин Эржан деген агайым менен ырдачумун. Ошентип, бир жыл такшалгандан кийин тойлорго барып акча таба баштадым.  Бул жакта окуп жүргөндө жеӊил ырларды ырдаган тыюу салышып,  бизге жалаӊ оор тематикадагы ырлардан аткартышчу. Мындай ырларды ырдап жүрүп бир топ тажрыйба топтоп алдык. Ошон үчүн жеӊил ырларга көӊүлүм тартпай калса керек…

“Казакстандагы концертте жалаӊ кыргызча ырларды аткарам”

—Учурда тойго ылайыктап  орточо темптеги, бир аз жеӊилирээк ырды жаздырып жатам. Ал ырды казакстандык Майрамбек Песпаев деген ырчы ырдаган экен. А мен жакында ырдын автору Улукман Жолдошев кызматташа баштадым. Ал киши ырчы Димаш Кудайбергеновдун музыкалык жактан продюсери болот экен. Белгилүү обончу Рыспай Абдыкадыровдун “Периштем” аттуу ырын менин аткаруумда уккандан кийин өзү мени менен байланышкан эле. Буюрса, каражат маселесин чечип алсам  Жолдошевдин дагы башка ырларын жаздырып алгандан кийин, анын продюсердик борборунун концерттерин Казакстанда койсокпу деген максатыбыз бар. Бирок мен ал жакта жалаӊ кыргызча ырларды аткарам.Репертуарымда азырынча клипи менен эки ырым бар.

“Өзүмдү башка кесиптин ээси катары элестете албайм”

—Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата былтыр Түркияда  бир сааттык өзүмдүн жеке концертимди өткөргөм. Ал концертти залкар жазуучунун уулу Аскар Айтматов да көргөн.  Жакында жаӊы чыга турган ырыма да  Түркиянын Измир, Анталия шаарларынан  жана Бишкектен да клип тарттык. Мурунку эки ырымды болсо ЭлТРден тышкары  Музканалга да бергем. Музыкалык жактан болсо Азат Жумабеков деген музыкант менен иштешип жатам. Эми менеджер табайын деген тилегим бар. “Периштем” аттуу ырды жаздырганда  ырчы Өмүрбек Андарбеков каражат жагынан жардам берген. Бул ыр былтыр “Жылдын мыкты дебюту” наамына ээ болду. Дегеле бул ыр менен чыгармачылыкта бир топ ийгиликтерге жетиштим десем болот.  Тойлордон тапкан каражатымды форма тиктиргенге жумшаймын. Ырчылык өнөрдү мен өзүмдүн ишим катары көрөм.  Ошон үчүн башка кесиптин ээси катары өзүмдү эч элестете албайм. Себеби, азыркыдай ырчы болуш үчүн музыкалык билим алып,  бекеринен 8 жыл убактымды коротпосом керек. Дегеним, өзүмө  биздин  ырчылардан айырмалана турган жолду тандап алдым десем жаӊылышпайм.

“Даражаӊа карап дос болгусу келгендер да болот экен”

Чыгармачылыктан тышкары спорт менен алек болом. Бош убактымды досторум менен өткөрөм. Эгер үйдө болуп калсам уктаганды жакшы көрөм. Буюрса, чыгармачылыгыма көбүрөөк каражат топтош үчүн бизнес менен алек болгону жатам. Ушул кезге чейин бир адатымды эч таштай албай койдум. Өзүм аябай ишенчээк болгондуктан көп жолу алдандым. Бирок кайра эле бирөөлөргө ишене берем. Бала кезден бери чоӊойгон досторум бар. Алар менен мамилем аябай жакшы. Анан даражаӊа карап дос болгусу келгендер да болот экен. Андайларга өздөрүнө жараша эле мамиле кылам.

“Минюра Рахимжанова менен дует аткарсам…”

—Ар бир адамдын алдыга койгон асыл максаттары болот эмеспи. Менин эӊ негизги максатым-ырчы катары Азия аймагына таанылуу. Ал үчүн талыкпаган эмгек керек деп баса белгилеп кетмекчимин. “Жаштын тилегин берет”-деген сөз бекеринен айтылбаса керек.  Келечекте аруу тилектерим орундаларына ишенем.  Кудай буюрса, чыгармачылыгыма казакстандык музыканттар көмөк көрсөтүп калса  “Азия Даусу”, “Славян базары”  сыяктуу Эл аралык конкурстарга катышып калгым бардыр. Ал күндөр да алыс эмес… Ырчылардан Минюра Рахимжанова менен дует аткарсамбы деп ойлонуп жүрөм.

Блиц-анкета

Толук аты-жөнү-Талантбеков Марат Таланбекович

Туулган жылы ,айы, күнү-1993-жыл, 5-февраль

Туулган жери-Нарын облусу, Кочкор району

Билими-жогорку

Учурда-жеке ырчы