Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимов кабинетинен 250 миң доллар пара алгандыгы боюнча маалыматты Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйын учурунда айтты.  Анын айтымында, Ибраимов учурда төрт кылмыш иши боюнча айыпталууда.  «Дастан Инжиниринг» жана «Дастан» (буга чейин аталган компанияны Ибраимов башкарчу) компанияларынын ортосундагы келишимге ылайык, атайын жабдуулар кымбат баада жеткирилген. Мындагы чыгым 22 миллион сомду түзгөн. Буга байланыштуу Ибраимовго, орун басарына жана башкы бухгалтерине коррупция жана алдамчылык боюнча күнөөлөнүп жатат. Мындан тышкары, ал:  » Ибраимов мэр болуп турган кезинде 250 миң доллар жана 20 миң доллар алганын айтып коеюн. Бул каражат «Дастан Инжиниринг» компаниясынын кассасынан чыгарылган» — деп баса белгиледи.

Коопсуздук кеңешинин бир жылдык жыйынтыгы

Коопсуздук кеңешинин бир жылдык жыйынтыгы

Опубликовано Next TV Среда, 6 февраля 2019 г.