Лондон шаарынын түндүк тарабындагы көрүстөндөрдүн биринде коммунисттик түзүмдүн идеясынын негиздөөчүсү Карл Маркстын кабырын вандалдар талкалап кеткенин дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты. Анын эстелигиндеги жазууларды балта менен чапкылашып, өчүргөнгө аракет кылышкан.

Немис философу жана экономист Карл Маркстын сөөгү Хайгейт мүрзөсүнө 1883-жылы көмүлгөн. Ал жерге Маркстын чоң бюсту коюлуп, «Бүткүл дүйнөнүн пролетарлары биригүүдө», — деп жазылган. Анын кабырына  Лондондо туристтер эң көп барышат. Өткөн жылы  эстелиги Германияда өзү төрөлгөн Трир шаарына да коюлган.

Совет учурунда Карл Маркс  укмуштай даңазаланган. Маселен,  КМШ мамлекеттериндеги дээрлик бардык шаардагы чоң көчөлөрг ысымы берилген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here