Орус ЖМКлары Россиянын Магнитогорск шаарында кыргызстандык жана өзбекстандык адамдарды атып өлтүрүп, өрттөп кетишкени тууралуу маалыматты жазып чыкты.
Маалыматта:  алардын денелери кичи автобус менен кошо өрттөлүп, эксперттер алар өрттөлгөнгө чейин эле атылып өлтүрүлгөндүгүн такташканы айтылат. Күйүп жаткан унаа бир аз убакыттан киийн жарылып кеткен. Бул кылмыштын кесепетинен улам каза болгондор  Кыргызстан менен Өзбекстан  Махмуд Жумаев, Алишер Каимов жана Альмир Абитов аттуу жарандары болуп чыкты

«Газель» үлгүсүндөгү унаа 1-январда Карл Маркс көчөсүндө өрттөлгөн. Бул кырсыктан 1 күн мурун  бул көчөдөгү көп кабаттуу үйдө жарылуу болгон. Бирок ал үйдүн жарылуусу боюнча кылмыштын бул кылмышка тиешеси жок экени айтылууда.