«Акча баарын чечет» деп көп жылдан бери эле айтылып келет, ал куру сөз эмес, ал деген турмуш практикалап берген, жазылбаган мыйзам болуп калган жана да эч качан бузулбаган тыянак болуп бүткөн! Эми болсо, ал маани биротоло мыйзам болуп калды көрүнөт.

Мына, жаңы кодексти жазып жатышкандар бардыгын акчага такап жатышат, ошол акчанын күчү менен кылмышкерлердин баары бу турмушта каалаганча жойлоп жүргөндөй абал түзүлүп жатат. Ошондон өтө эле жөнөкөй кылып айталы да. Ошол биздин кылмыш кодексибизди  кыкка жарабай тургандай кылып түздүрүүнү көздөгөндөр – Евробиримдик «жаңы кодекс жазгыла, ал деген аябай гумандуу болсун» деп эки жыл мурун бизге 50 миллион евро бөлүп бериптир. Анан ал түздөн түз берилген максатта колдонулбай, бюджеттин тешигин бүтөөгө жана башка иштерге, анын ичинде, жеп-жутканганга коротулган да андан 13 млн 600 миң евро калып, бу сумманын да түбүнө жетишкен экен. Кызыгы, бул маселени жалпы журтка таратабыз, маселени  жарыялайбыз деген ниетте 3 млн евро короттук деп турбайбы?! Биздин оюбузда, ал маселе эч кандай жарыяланган эмес, теледен, радиодон айтылган эмес, гезиттерге деле чыкканын билген киши жок. Анан 3 млн долларды жер жутуп кеттиби?! Ооба, жерди да кошо жутуп жиберчү адамдар жутту да!

Жаңы кодексте бирөөнү бирөө тумшугун каңдап туруп, акча төлөп басып кетет! Ушул дагы мыйзамбы?! Баарын акча чечет деген ушул да! Мурун эки-үч жолу соттолгондор кылмыш кылса, рецидивист катары мамиле кылынчу. Эми болсо, он жолу кесилсең да  рецидивист катары кабыл алынбай, биринчи соттолуп жаткан таза адам катары мамиле кылынат… Жаңы кодексти түзүп жаткандардын «дени-карды соо экендигин» текшериш керек го дейм?!

…Биздин өлкөдө жеп-жуткандар кызматтан алынат да кайра убакыт өткөрүп туруп кызматка коюлат. Ушундай шумдугу бар өлкө болдук.  Ошол жегичтерге эң чоң жаза- болгону кызматынан алынат. Баягы жеп-ичкендер алганын сонун сиңирип кетет. Бир жума мурун эле элди жийиркендирген бир окуя болду. Муну айттым- филармонияга деректир болуп бир канча жыл иштеп, анан жөн иштебей жеп-жутуп иштеген Керим Турапов деген бар эле. Ал Керим эмес экен, Каримберди экен. Мына ошол Каримберди Турапов дегениң жеп-жутканы үчүн филармониядан кетирилген. Анан бир жума мурун Опера жана балет театрына Башкы деректир болуп шайланып жатпайбы?! Мындай шумдукту ким көрүптүр?! Туура, Турапов «Кыргыз Республикасынын Эл артисти», ал наамга татыктуу. Бирок, ошол наам жегичтигине берилген жок да… чыгармачылыгына берилген. Операнын мурунку деректири Болот Осмонов дагы айтылуу коррупционерлердин бири. Ага мурун кылмыш иши козголуп кызматтан алынган да кайра эле деректир болуп кызматка коюлган. Бир коррупционерди кызматтан алып, экинчисин койгон абийирсиздикти эмне деп атайбыз?! Айта кетели, филармониянын азыркы деректири Кыргызбай Осмонов да жеп-жуткучтардын бири. Аны эркелетип келишет…

Биздин журналист  Айбек Шамшыкеев маданияттагы коррупционерлерди- Керим Тураповду, Кыргызбай Осмоновду, Султан Раевди, Болот Осмоновду, Курмангазы Исанаевди, Темирлан Сманбеков, Муктаалы Бектеналиев ж.б. катыра жазып келет. Ошентип жазып атып Исанаевди, Осмоновду кызматтан алдырды. Эми, буюрса, кайран Айбек калгандарынын да «түбүнө жетет» деп үмүтөтүп турабыз…

…Маданиятыбызга накта күйгөндөрдүн бири Садык Шер иним  чынында шердин өзү, ар дайым чындыкты айтат, түзүнөн кетет. Ошол бир ирет Муктаалы Бектеналиевге тамаша түрүндө айтыптыр да: «Сени коррупционер катары сөөгүңдү катырып туруп музейге коюш керек» деп.  Жакшы айткан да… Анткени, бу неменин коррупциялык иштери толуп, ашып турат дешет…

Жогоруда аты аталгандардын баарын «сөөгүн катырып» музейге койчулардан да! Маданият кызматкерлеринин коррупцияга батышы- абийирсиздиктин жеткен жери деп билишибиз керек!

Бизде коррупция дегениң турмуштун накта өзүн түзүп калган учурда, аны азайтуунун, жоготуунун десек, болбогон кеп болор, ошол азайтуунун бирден бир жолу катуу, аёосуз жазаларды колдонуу керек. Кайсы бир коррупционер кармалдыбы, дароо түрмөгө отургуз, өтө эле ашынгандарын атып сал! Ошондо коррупция азайбагандыгын көрөйүн!

А бизде коррупционерлерге кандай чара көрүлөт: ошол коррупционерди эптеп жатып кызматтан алат. Анан тийешелүү кызматтар аны сурай баштайт, сурап жаткан убакта оңбогондой пара алат, анан кылмыш иши токтотулат. Сотко жеткени болсо, ошол жерден куткарылат, сот да бирдеме алсын да… Коррупционер кармалды дегенче, кылмыш иликтегендер «май-талкандын» үстүндө болушат. Ушунун баары бийликтин чоң жеринде олтургандарга бештен белгилүү. Алар дагы алчусун алат, ал эми албагандар колунан эч нерсе келбей олтуруп беришет. Андайлар өтө эле аз…же жоктур?!

Жакында эле өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков тоо-кен тармагындагы коррупцияны кенен айтты, аларга каршы катуу күрөшө турганын кошо айтты. Айтканы абдан туура. Бирок, президент мындай убадаларды канча жолу бербеди, бирок, андан анча деле жыйынтык жок. Анткени,  коррупцияга каршы күрөштө ал айласын таппай калды көрүнөт…

    Автор:     Баратбай АРАКЕЕВ

Булак: Багыт