Биздин элдин түндүк жана түштүк болуп бөлүнүп турушунун узун деле салттуу тарыхы жок экен. Салттуу тарыхы болбогондон кийин бүгүн бар да эртең жок дечү көрүнүш болот. Антсе да ушул формда бөлүнүүнү таптакыр эле унутта калтырып койсок дурус болбойбу дейм да. Бир жакшы жери эки тараптын ортосунда кадимкидей эле душмандашуу жок, болушу да мүмкүн эмес. Түштүктө болгон окуяларга түндүктүн кабыргасы кайышып турганы, же тескерисинче…

Адамзат турмушу калыптана  баштагандан кийин эле бөлүнүү деген көрүнүш башталган экен. Адегенде топ-топ болуп алып мамонт уулап турмуш өткөзүп, анан кийин-кийин общиналарга бөлүнүп, дагы өтүп мамлекетке биригип, анан мамлекеттер капиталисттик жана социалисттин болуп бөлүнүп… Айтор, адамзат тарыхынын узун жолунда адамдар ар түрдүү формада, мазмундагы биригүүлөр, бөлүнүүлөр менен жашап келиппиз го. Бөлүнүү, биригүү дегендин өзү адамзат табиятында жаралгандан калыптанып келаткан нерсе  турбайбы.

Бүгүнкү күнү дүйнө эли барандуу эки топко бөлүнүп турат, биринчиси-мусулман дүйнөсү, калганы  дагы бир дүйнө- каапырлар дүйнөсү. Минтип бөлүнүүнүн себеби, мусулманчылыктын радикалдуу тарабынын аракеттеринен келип чыкты көрүнөт. Баам салсаңыз, кийинки мезгилде мусулмандардын саны өсүп жатат, аны менен бирге алардын башкалар менен болгон мамилеси бузулгандан бузулат. Анан дагы кызыгы, жалаң мусулман өлкөлөрү менен курчалган кенедей Израиль ошол өлкөлөрдүн жерлеринен басып алып, эч кимисин тоотпой, а турсун, БУУнун Генералдык Ассамблеясынын чечимдерин да тоотуп койбой турмушун өткөзүп жатканы! Бу кеп эмнеден айтылып кеткенин өзүм да  аңдабай калдым…

Мусулмандардын ичинен өз ара да ар кандай диний агымдарга байланыштуу бөлүнүүлөр бар, айталы, сунниттер менен шииттердин бөлүнүшү. Булар бөлүнүп кана жөн калбай бири-бири менен кадимкидей эле кан төгүшүп жаткан учурлар аз эмес.

Бөлүнүү дүйнөдө кадимкидей эле, официалдуу түрдө эле жашап келет. Маселен, БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсүнүн үчөө-Америка, Англия, Франция бир тарап да, экөө-Россия менен Кытай экинчи тарап. Булар көп учурда ушундай формада бөлүнүп турушат…

Бөлүнүүнүн айынан НАТО сыяктуу согуштук блок бар. Бул блок негизинен АКШнын ниети менен аракет кылат: кайсы бир мамлекет АКШнын жинине тийип койсо болду, НАТОнун самолёттору ошол шоруң каткан өлкөнү бомбалап жатып калат, анын режимин кулатып, башкасын орнотот. Бул жаатта СССРиң деле оңой эмес эле- Варшава договору деген бар эмес беле, ал дагы согуштук блок болчу. Ага СССР, ГДР, Польша, Болгария, Румыния, Чехословакия, Венгрия жана Монголия кирчү. СССРдеги кайра куруудан кийин бул блок да жок болду. СССР деле өзүнө жакпай бараткан Венгрияны 1956-жылы, Чехословакияны 1968-жылы танкаларын жабалактатып жиберип тынчыткан эмеспи.

Ушул тапта бөлүнүп, бирикпеген мамлекеттер аз, көбүнчө географиялык принциптер менен бөлүнөт, мисалы, Европа биримдиги, Индокитай мамлекеттеринин биримдиги, Борбордук Азия мамлекеттеринин, Балкан өлкөлөрүнүн, араб өлкөлөрүнүн, Латын Америкасынын, Кариб деңизи боюндагы мамлекеттердин, Скандинавия өлкөлөрүнүн, Шериктештик өлкөлөрдүн ж.б. бирикмелери, топтору бар. Аны менен бирге түрк улуттуу мамлекеттердин уюму да пайда болду. Сөз кыскасы мамлекеттердин бөлүнүп турушу- жер шарындагы адамзат жашоосунун кадимки эле көрүнүшү болуп калды. Анын башкы себеби, бири-бирине жардамдашуу, ал эми кээ бир учурларда биригип алып башкаларга каршы туруу.

Жогорудагыдай эле бөлүнүү бир мамлекеттин ичинде да болуп турат. Мисалы, өзүбүздү алсак, түндүк менен түштүк болуп бөлүнөт, андан кийин облустарга, райондорго, айылдарга бөлүнүп бүткөндөн кийин урууга бөлүнүү дегени бар. Ал көрүнүштүн азыр  гүлдөп турган кези… Дагы да кайсы бир чоң уруунун ичинен чакан урууларга бөлүнгөнү бар.

Облустарга бөлүнүүдөн кийинки райондук бөлүнүүдөгү атактуулары: Ат-Башы, Алай, Жумгал, Кара-Буура, Өзгөн,  Токтогул, Тоң болуп катуу бирикмелерди түзөт. Ал эми уруулардан саяктар, сарыбагыштар, бугулар, солтолор, кушчулар, саруулар болуп мисалдатчу ынтымакка бөлүнөт.

Баса, менин айылымдын жарымынан көбү коңурат уруусунан. Мындан беш-алты жыл мурун айылымдагы коңураттар Алай, Кара-Суу тараптагы коңураттар менен тууган болобуз деп, бирин-бири жылкы союп чакырышты. Тимеле «жатындаш»  болуп ысып-өрттөнүп турушту. Эми сууп баратат. Мен деле чакырык алгам, аралашкан жокмун. Айылымдагы адигинелерден уялып калам эмдигиче… бабалардан бери жүздөгөн жыл бир айылда жашап туруп анан тигинтип бөлүнүп жатсак…

Адамдар бири-бири менен бириксин, ошон үчүн бирөө дос күтөт, экинчиси жолдош күтөт дегендей. Бирок, бириккендер экинчилерге зыян кылбагандай бириксин да. Анан эле «биздин уруу деген башка урууга караганда кыйын болгон, азыр момундай кызматкерлерибиз бар, ошолор кийинки өсүп келаткан биздин уруудагы балдарды кызматка көтөрүш керек, биздин уруу алдыда туруш керек, баланча уруунан түкүнчөсү кыйын чыгып жатат, анын тизгинин тарттырып коюш керек» сыяктуу өзүмчүлдүк, терең маңызы жок зыяндуу саясат  өңгөнүн кыжырына тийеби? Тийет! Анан ар кандай маанайдагы конфликттер башталат. Алты миллион кыргыз экенбиз, эмчектеги наристелерди, “крышасы кеткендерди”…  кошкондо, анан ошондой кенедей саныбыз менен миллиард санындагы улут  бөлүнгөндөй бөлүнөбүз да! Жосунсуздугубуз ошол…

Талашуу болбос, адам мүнөзүндөгү мыкты сапаттардын көбү чыгармачыл адамдарда болот. Алардын көбү ачкөз эмес, аккөңүл, арам ойдон алыс, топук кылган мүнөзү бар, башкаларга жакшылык кыла бергиси келе бергенин айт, ж.б. Чыгармачылык адамдар түндүк, түштүк болуп, уруу-уруу болуп бөлүнгөндү көп жактыра бербейт. Бөлүнсө да сырткы түрү менен кана бөлүнүшү мүмкүн, эл катары деп коёлучу. Маселен жеке мен түштүктүн кулундарынан  Эсенбай Калдаровду аябай сыйлачу элем, мыкты жигит болчу. Эрте кетип калды. Акын Турсуналы Бостонкулов да жакын санаалашым эле, ал дагы эрте кетти. Манас Бердибеков үкө болуп жүрчү эле, ал дагы кетип тынды. Ал эми Рыспай аке мени «кичинекей арбак» деп эркелетип, үкөсүндөй эле көрчү. Сүйөркул Тургунбаев, Көчкөн Сактанов, Абдыганы Эркебаев, Калык Ибраимов, Жолболду Алыбаев, Токон Эшпаев, Кудайберген Темиров, Атайбек Бөдөшов, Бекташ Шамшиев, Жамбыл Камчиев, Кожокелди Кулуев,  Мамат Сабыров, Атантай Акбаров, Хабибулла Азиреткулов, Алишер Токсонбаев, Зайырбек Ажыматов, Таалай Турдубаев сыяктуу ондогон улуу, кичүү чыгармачыл адамдарды жакшы тааныйм, чоң сыйым, мамилем  бар. Аталгандардын достору түндүктө сансыз экенин да  билем. Менин раматылык досум таластык Бөкөнбай Боркеевдин досторунун дээрлик көбү түштүк тараптан болгон. Жогорудагыларды  айтып турганым: атаганат, кыргыз элинин бири-бири менен болгон мамилеси чыгармачыл адамдардыкындай болсо дегеним!

Бөлүнүп-жарылгандар саясатчылардан көп чыгат экен, анан алардын кебине  «сугарылган» жөн элден да чыгат экен. Кээде ойлоп калам: кандай болсок да, биздин тамырыбыз бир, тейтектеп тескери баскан учурларыбыз болгону менен кыйын кырдаалда  бир муштумга биригип кетерибиз бар да, демек, бөлүнүү миң кырдуу, ошончо сырдуу турмуштун бүгүн бар, эртең жок көрүнүштөрүнүн биридир деп. Анан кандай болмок, туура ээ,  окурманым…

Оо, анан бөлүнүп-жарылуу деген бийликтегилерге «күн көрсөтпөйт». Анткени, жетекчи кызматтагылар туугандарын, жердештерин кызматтарга коё баштайт… Мындай «жүрүш» президентке чейин жетет… Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жакындарын, жердештерин кызматка коюу боюнча мурунку президенттерден алдыга кеткен жок. Анткен менен ошол жагдайда акырындап «буту-колу тыбырай» баштадыбы деп да калам… Эми андан кудай сактасын дейли…

Бизге ич ара бөлүнүүдөн башка да маселебиз көп: өзбек сепаратисттеринен сак болушубуз керек, дунган, уйгур, күрд сыяктуу улуттардын кээ бир туура эмес жүргөндөрү бар, алардан сак болушубуз керек, короого чейин кууп келип атып кетип жаткан өзбек, тажик чекарачыларынан сак болушубуз керек, калган учурда чек арасын жаап алчу казак боордоштон сак болушубуз керек, күндөн күнгө каптап бара жаткан кытайлардан сак болушубуз керек… Анан кийин жай турмуш келгенде түндүк-түштүк болуп каалаганча бөлүнүп эрмек кыларбыз…

    Баратбай АРАКЕЕВ