«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Абдыкеримов аталган ишкананын паркындагы жүк вагондордун 53,3 пайызы иштебей турганын ЖКдагы комитет жыйынында билдирди. Ал: «Паркта болгон жүк вагондордун 53,3 пайызы иштебейт. Социалдык жактан маанилүү болгон жүк ташууларды (Бишкек ЖЭБи үчүн «Балыкчы» станциясынан көмүр ташуу, «Кайыӊды кант» заводуна кант кызылчасын жеткирүү үчүн) камсыздоо үчүн жарым вагондорду сатып алуу маселеси курч турат. Ал чарбалык субьектилердин керектөөлөрүн толугу менен камсыздоо үчүн 2019-жылдан тартып 2025-жылга чейин жалпы суммасы 602 млн сомдон ашуун каражатка 200 жүк вагонун жана 60 жүргүнчү вагонун сатып алуу талап ылайык болууда. Кыргызстанда темир жолдун узундугу 424,6 чакырымды түзөт. Темир жолдун 17 пайыз рельси алмаштырууга муктаж. «Кыргыз темир жолу» орточо эсеп менен 25 чакырым темир жолду модернизациялап, темирбетон шпалдарды коюп жатат. Бүгүнкү күндө 295 миӊ темирбетон шпал коюлушу керек. Ага 1 млн 885 миӊ сом зарыл» — дейт.