УКМК Мамлекеттик каттоо кызматынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери өлгөн адамдын аты менен паспорт жасашканын аныктап чыкты. Укуругу узун УКМК 1990-жылы туулган (К.Т), каза болуп калгандардын тизмесинде катталганын, бирок ал адамдын мамлекеттик чек арадан бир нече жолу кирип-чыкканы тактап чыккан. Андан ары иликтөөнүн натыйжасында, чек арачылар 26 жаштагы А. И. 2018-жылдын 31-декабрында “Чалдовар-Автожол” өткөрмө бекетинен маркумдун документин пайдаланып өтүүгө аракет кылып жатканда кылтакка илинген. Ал сурак учурунда бул паспортту 2015-жылдан бери колдонуп келгенин айткан.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here