Чет өлкөдө каза болгон мекендештерибиздин сөөгүн мекенине жеткирүү эң оорчунду маселелердин бири. Бир эле Орусиядан жылына 300 дөн ашууну Кыргызстанга келсе, анын 200 дөн көбүн журтташтар өз күчтөрү менен жөнөтүүдө. “Жүк 200” маселесин жөнгө салуу максатында, “Замандаш” саясий партиясы менен чет жердеги мекендештер, “Чет өлкөгө чыгып жаткан ар бир Кыргызстандыктын өмүрүн камсыздандыруу” жөнүндө сунушту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн жана Жогорку Кеңешинен колдоп берүүсүн талап кылуу үчүн кол топтоп башташты. Демилгени Турция, Италия жана башка чет өлкөлөрдө жүргөн журтташтар дагы колдоого алышууда. Ар бир мекендешибиздин сөөгү өз мекенине коюлушу керек!

“Замандаш” саясий партиясынын маалымат бөлүмү.