Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматында айтылат. Кылмыштуу окуя 1-феваралда катталган. Жубайлар өз үйүнүн короосунда көчөт олтургуза турган парник олтургузуп  жатканда уруша кетишкен. Өзүн кармана албай калган 36 жаштагы  күйөөсү 33 жаштагы аялын (Уйгур-Абад айылынын тургуну) бычак менен ичке сайып жиберген. Келин ошол эле жерден жан берген. Бул боюнча кылмыш козголуп, иликтөө жүрүп жатат