Жумгал районунун Байзак айылында уюштурулган хоккей боюнча республикалык Vll ачык турнир 2-февралда жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул турнирге Turmush басылмасынын кабарчысы да күбө болгон.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору, композитор Муратбек Бегалиев, Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов, райондун акими Адыл Сапаров, коомдук ишмер Каныбек Казыбеков, Хоккей федерациясынын өкүлдөрү Урмат Шамырканов жана Мурат Жакыпов, айыл өкмөт башчысы Каныбек Насыбалы уулу катышты.

Турнирге жалпысынан 13 команда катышып, жарым финалга 4 команда:

— «Өнүгүү — Жумгал жаштары» (Чаек);

— «Байзак» (Байзак айылы);

— «Нарын» (Нарын районунун Кеңеш айылы);

— «Кыргыз темир жолу «Локомотив» (Бишкек шаары) чыккан.

Ал эми финалдык бөлүктө «Нарын» командасы менен «Кыргыз темир жолу «Локомотив» командасынын оюнчулары күч сынашып, 2:1 эсеби жана бишкектиктердин жеңиши менен жыйынтыкталды. Ал эми «Нарын» командасы 2-орунга ээ болуп, 3-орунга жаңы түптөлгөн «Өнүгүү — Жумгал жаштары» командасы чыкты. 4-орунду хоккей аянтынын ээси «Байзак ата» командасы ээледи.

Жеңүүчүлөр 40 000 сом менен сыйланса, 2-орундун ээлерине 30 000 сом, 3-орунга 20 000 сом жана 4-орунга 10 000 сом байге берилди. Андан тышкары мыкты оюнчуларга 1000 сомдон сыйлык тапшырылды.

Бул турнирди Жумгал районундагы 4 көмүр ишканасы каржылап, жалпы 400 миң сом сарпталган.

Ошондой эле бул турнирде Кыргызстандагы кыздардан куралган жалгыз хоккей командасы дебюттук беттешке чыкты. Кыздардан түзүлгөн команда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Отрадное айылындагы «Шапак баатыр» хоккей клубунан келишкен.

 

Булак: .turmush.kg