Францияда өтүп жаткан Grand Prix de France деген аталыштагы эл аралык мелдеште  76 кг. салмак боюнча кыргыз балбандары Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы таймашып, алтын медалды Жуманазарова тагынды. Айпери Медет кызы күмүш медаль ээси болду. Бул  мелдеш Франциянын Ницце шаарында 1-фералда башталган. Ал 3-февралда жыйынтыкталат. Франциядагы бул Эл аралык мелдешке жалпысынан кыргызстандык 6 спортчу катышып жатат. Ал ушул эле мелдеш алкагында Айсулуу Тыныбекова да алтын медаль тагынган.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here