Айтылуу  балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Францияда өтүп жаткан Grand Prix de France деген аталыштагы эл аралык мелдеште жеңишке жетип, алтын медаль тагынганы маалым болду. Балбан кыз  (62 килограмм салмакта)  финалдык таймашта  франциялык балбанды жеңген. Бул  мелдеш 1-фералда башталган. Ал 3-февралда жыйынтыкталат.

Айсулуу Тыныбекова 2012-2016-жылкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу. 2016-2017-жылдары Азия оюндарында жеңүүчү болгон.

2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарында күмүш медалга татыган. 2017-жылы Франциянын борбору Париж шаарында өткөн дүйнө чемпиондугунда үчүнчү орунга ээ болуп, коло медаль тагынган