Бул окуя тууралуу милициянын маалыматында булар айтылат:

«Кыздын атасы психикалык жактан ооруйт экен. Апасы болсо 2013-жылы оорудан улам каза болуп калыптыр. Азыр кыз менен социалдык кызматкерлер иштеп, дарыгерлер карап жатат. Окуучу кыздын атасы 20-январда Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкелери тарабынан кармалып, камакка алынган. Кыз болсо учурда Өзгөн районунда. Тергөө иштери уланууда. »

Бул тууралуу маалымат соц баракчасына Дарика Асилбекова да жазып чыкты. Анын жазгандарын төмөндө өзгөртпөй толук беребиз:

Сексуалдык зомбулук деген шумдуктуудай суук сөз, биздин коомду неге шамалдай тез аралап баратат.?? Болгондо да карачечекей кыйбас жакындары тараптан….. эмнеге бизде алдын алуу иштери начар???…….. жок
ким жүргүзөт???? Качан жүргүзөт??? Мындай жаман иштер айыл жеринен көп катталып жатканы өкунучтүү!! Факт болгондо чуркап, безилдеп, бири бирибизди күнөөлөп жатып калабыз!! Алдын алсак болот айыл өкмөт, соц адистери айылдын ар бир адамын атынан таанышат! Ким кетти, келди, аялы өттү, үйдө чоӊ кызы калды деп билишет! Шаарда терр советтер иштешет!! Медициналык кызматкелер деле бар. Дегинкиси Кайдыгербиз, билгибиз келбейт, башыбызды ооруткубуз жок!! Аттин ай деп эле ….. отуруп. сүрөттүгү кыз да ошондой тагдырдын курмандыгы 14 жашта. Боюнда болуп калбаганда эч кимдин иши жок дагы деле жүрө бермек! Эми мындан кийинки жашоосу эмне болду эми??. атасы камакта. Жашырып жүрө берели??эч кимге айтпай !!??? Бизде баары жакшы жыргап жашап атабыз деп коюп!! Айыл өкмөт эми чуркап эмне маселе чечесинер … андан коро ата сорой кетсин темир тордун артына узакка!! Аны актап мактап жатып калбагыла, кылган кылмышы үчүн далилденген болсо мойну менен тартсын!!
Кыздарыбызды сактайлычы туугандар!! Өзгөндүн Районосуна кулак кагыш!!! Кызыныз тамга тааныбайт экен , мындай балдарды окутпай каякка бекитип багып журосуз.???……