Бул окуя казакстандын Кентау аймагында болгонун NUR.KЗ жазып чыкты.

Күнөөсү жок болсо дагы нике түндөн кийин төркүнүнө жеткирип салган келин окуяны мындайча айтып берген.

Алматыга иш иштеп келгем. Соц.сет аркылуу жердешим менен байланышып жүрчүмүн. Негизи бир мектепте окуганбыз, бирок сүйлөшчү эмеспиз .Ноябрь айында өзүбүздүн шаарга келдик. Ал менин келгенимди угуп, жолугушууга чакырды. 6-ноябрда экинчи жолу жолугушууга чакырып, ошол жерден мени ала качып кетти. Башында каршы болуп, турмушка эрте чыкпай турганымды айттым. Бирок анын карыган апасы жалынып- жалбарып калышымды суранды. Ошентип отурдум. Той болду. Ата-энеме барышып 2 миӊ доллар акча берип келишти.

Кызыктын баары нике түндөн кийин башталды. Нике түнү төшөгүбүз булганган жок. Эртен менен күйөөм ажырашууну айтып чыкты. Эч кимге айтпай тынч эле  мен кетип калам -деп сүйлөшкөнбүз. Бирок ал турганда апасына айтып салды, айтпаганды айтып мени урушуп башташты. Бирок мен  эч ким менен жолугушкан эмесмин да буга чейин.

Дароо эле клиникага барып, текшерилип келдим. Алар кыздык белги өтө тереӊ экенин ,же күйөөӊдүкү жетишээрлик көлөмдө эмес, мындай учурда кыздык белги тушпөөрүн айтып, кетиришти. Мен күйөөмдүн жакындарына барып клиникага чогуу барышын сурандым. Бирок алар барбастыгын айтып, мени кет деп туруп алышты. 

Кийинки күнү башка гнекологго бардым, алар деле ошону айтышты. Тилекке каршы «справка » жазып бере алышпайт экен. 

Андан кийин уруш өзүмдүн үйүмдө уланды. Алар келип мени жамандашып, акчаны алып кетебиз дешти. 40 000тенге коротулуп кеткен экен. Аны кызынардын бир түнү үчүн төлөдүк дешти. 

Мени ата-энем дагы жаман көрүп, бүт айылга уят кылдын, көчөгө кантип чыгабыз -деп жаман болушту.

Окуядан бир жума өтпөй ал бала башка кызды алды. Апасы бул жолу кызды клиникадан текшертип, анан үйүнө алып келгенин уктум.

Айнур учурда өзүнүн чындыгын айтып, басынткандар тиешелүү деӊгээлде  жазасын алсын деп айтып келет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here