А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы директору болуп Турапов Каримберди Ырысалиевич дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу 31-январда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми  театрдын буга чейинки  жетекчиси Осмонов Болот Салбарович кызматынан бошотулду.

К.Турапов 2008-2010-жылдары Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын директору болуп эмгектенген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here