Мелис мырза, буга чейин маектешкенибизде сиз Кашкар Жунушалиев жакшы иштейт, ИИМдин ишин алдыга жылдырат деген мааниде баа бердиӊиз эле. Бирок ИИМге карата катуу эле сындар  айтылып жатканын байкап жатасыз? ИИМ эмнеден аксап жатат?

—Кашкар министр катары жакшы эле аракет кылып жатат. Бирок буга чейинки жасалган реформа өзүн актаган жок. Тескерисинче, ИИМдин ишин артка тартып койду. Бул маселени, Кашкар Жунушалиев өзү коркпосо, ачык айтып бериши керек. Мына Патрулдук милицияны жоюп салып, эми кайра түзүп жатышат. Бул бир эле мисал. Жол кырсыгынын көрсөткүчү азайган жок.  Мисалы, биз убагында Патрулдук милицияны түзүп, ишке киргизгенде жол кырсыктары кыйла  азайган болчу. Ар бир мектепке кызматкерлерибизди койгонбуз. Участкалык милицияларга шарттарды түзгөнбүз. Чынында ошондо биринчи жолу милициянын рейтинги өскөн. Кашкар кыйын учурда  кызматка келди. Каржы министрлиги каражатты убагында бөлүп берип турбаса, ишти жылдырыш кыйын. Бул маселе менин башымдан өттү да.  Ошондой болсо да, орун басарлары, жалпы жамаат менен колунан келишинче аракет кылып жатат.

—Сиз айткан Патрулдук милицияны азыр кайра түзүп жатышпайбы…

—Патрулдук милициядан мурун биз Бишкекте Түнкү милицияны түздүк  да. Түнкү милиция кызматка киргенден баштап эле, шектүү адамдардан мыйзамсыз куралдарды, килограммдап баңгизаттарды ала башташты да.  Чынында биз Патрулдук милицияны иштешин бир топ мамлекеттерде иштеп жаткан тажрыйбасын иликтеп чыгып, анан түздүк да. Биринчи пилоттук долбоор кылып Бишкекте, анан башка аймактарда түзүлдү. Негизи Патрулдук милицияны толук кандуу ишке киргизүү үчүн бюджеттен 530 миллион сомдон ашуун каражат каралган. Бирок ошол кездеги өкмөт башчы да бул долбоорго кош көңүл карап, каражатты толук бербей коюшту да. Болгону 40 миллион сом беришти. Биз ага карабай, өзүбүздүн күчүбүз менен, айрым демөөрчүлөрдүн жардамы менен: машиналарды, керектүү жабдыктарды алып ишти алдыга жылдырдык да. Патрулдук милицияны биз шаардын ичинде  квадраттарга бөлүп койгонбуз. Алар азыркы МАИ кызматкерлериндей жол жээгинде тура берчү эмес да. Өзүнө бөлүнгөн аймакты кыдырып карап, көчөдө эмне болуп жатканын ийне-жибине чейин карап турушчу. Кайсы бир жерде кылмыш катталса, 5 мүнөткө чейин ал жерге бир нече топ жетип барып калышчу. Ошол эле Патрулдук милицияда “Пещий патрул”, “Конный патруль” – деген бар болчу. Эл биринчи көчөдө эмне менен жолугат? Албетте, биринчи МАИ кызматкери, участкалык милиция менен, өспүрүмдөр менен иштеген милициялар менен жолугат. Алардын иштеген иши жакшы болсо, эл милицияга жакшы баа берет, жакын болот.

Кыскасы, биз ИИМди ушинтип атайын багыттар менен реформалап,  элге жакындатуу аракеттерин көргөнбүз. Милиция эл менен жакын болуп, эл менен бирге болбосо болбойт. Элден алыс, элге каршы иштеген милицияны ким жакшы көрөт? Биз ИИМдеги реформанын башатын заман талабына ылайык жасаганга аракет кылдык да. Мисалы,: Мамлекеттик коргоо, Кибер коркунучу, Маалыматтык коопсуздук сыяктуу көп кызматтарды ачтык . Анан жакшы иштеп жаткан кызматтарды бөлүп-жарып, атын өзгөртүп туруп, 5 кызматка бөлүп койду. Эмне болду? Начальниктер көбөйдү. Ал кызматтардын материалдык базасын,  айлыгын, соцпакетин, жалпы шартын да түзүш керек да.  Милицияны полиция кылалы дешти. Ага 2 миллиард долларга чейин каражат кетет экен. Мен ошондо: “Атын өзгөрткөндөн сумма өзгөрүп кетпейт. Андан көрө ошол акчаны бөлүп-бөлүп берип тургула. Милицияны түп тамыры менен өзгөртүп, анан полицияга болууга кадам таштайлы” – деп сунуш кылгам. Бирок баары каражатка такалып эле, ишке ашпай келатат да.

—Эми башка маселеден кеп кылалы. Сизди айрым басылмалар “президентке кирип чыкканын жар салып айтып жүрөт” деген кыязда жазып чыгышты. Бул кептин канчалык деӊгээлде чындыгы бар?

—Президентке кирип чыгып жаткан жалгыз мен эмесмин да. Көп эле адамдар кирип чыгып жатышпайбы. Президент  чакырса,  маселеси болсо, ким болсо  да барат да. Кээ бирөөлөр жазат десе жаза беришет. Же жанымда чогу жүрбөсө, же “Жер тыӊшаар Мамыт болбосо, же бир доңуз беле” дегендей. Мен ал гезиттин редакторуна чалып  айттым. Катасын  мойнуна алды. Кызмат маселесине да  байлап жатышпайбы. Эми мени кайсы бир кызматка дайындалсам, ошондо жазса болот да. Билип-билбей эле, ар кандай “заказдарды”,  имиштерди жазган туура эмес.

—Маек соӊунда спорт темасында учкай кеп кылалы. Футболчуларыбызды  бийлик Ала-Тоо аянтында эл менен кошо тосконун, жаш, эмгеги аз  футболчуларга да жогорку сыйлыктарды бергенин сынга алып жатышат. Сиз кандай кабыл алдыӊыз?

—Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери тарыхта биздин курама командабыз Азия кубогуна катышып, 1/8 финалга чыгышты. Бул жакшы көрсөткүч. Бул жетишкендикке баарыбыз кубанышыбыз керек. Мен негизи футболду көп көрбөйм. Бирок биздин футболчуларыбыз арабдар менен ойногондо суктануу менен көрдүм. Ал тургай көзүмөн жаш чыкканча күйөрмандык кылдым. Аскар Салымбеков агабыз айтып жаткан 35 миӊ орундук стадион сөзсүз курулушу керек. Андай чоӊ стадиондор Тажикстандын облустарында бар. Биз эртерээк борбор шаарга курбасак болбойт. Ушул сыяктуу  эле күрөштүн Азия, дүйнө чемпионттарын өткөрөлүк десек, заманбап аренабыз да жок. Биздин “Малый  Аренанын”  тегерегиндеги жердин бүт баарын сатып жиберишти, азыр  кафелер салынып кетти. Бул эми өтө өкүнүчтүү.

Ал эми футболчуларга бийликтин сыйлык бергенин  мен анча деле терс карабайм. Салымбеков агабыз, машыктыруучу Крестинин толук татыктуу. Негизи эле, Салымбеков агабыздын футболчуларга кошкон салым абдан чоӊ. Кыргызстандын футболун көтөрдү. Муну эч ким тана албайт. Андай эмгек убагында бааланып турганы жакшы.  Кээ бир жаш оюнчуларга сыйлык берүү же бербей туруу маселесин Спорт  тармагынын чоӊдору эмгегине жараша чечиш керек да.

—Күрөштө ийгилик жаратып жүргөн айрым балбандардын: “Бийлик бизге дүйнөлүк чемпионатта чоӊ ийгилик жаратсак деле футболчуларга көӊүл бургандай көӊүл  бурбайт ”- деген сөздөрүн угуп калдык. Күрөш спортун, ал тармактагы балбандарды жакшы билесиз. Бул кептин да чындыгы болсо керек?

Ар бир адам өз ишин мактагысы келет. Чынында күрөш боюнча спорттун деӊгээли абдан өстү. Кыз-келиндер  арасындагы ийгиликти айтсак, Айсулуу Тыныбекова кыргыз тарыхында дүйнөлүк чемпионатта биринчи жолу 3- орунду алды. Азиянын бир нече жолку чемпиону болду. Грек-рим, эркин күрөштөгү ийгиликтер абдан эле чоӊ. Ал эми  бокс, штанга, дзюдо ж.б. спорт түрлөрү да көтөрүлүп жатат. Бул спорттун бул түрлөрүндө эки адам өздөрү үчүн таймашат да. Футбол болсо командалык оюн. Ошон үчүн өзгөчө көӊүл бурулуп жатканы да ушундан. Бирок күрөш балбаны болобу, же башка спортчулар болобу, айтор кээ бирлеринин эмгектери мамлекет тарабынан татыктуу бааланбай калган учурлар кездешет. Анан ушундай учурда алар да өз көз караштарын ачык айтып жатышса керек.  Жаӊылбасам, биздин футболго ФИФАдан бир миллион доллардан ашуун каражат бөлүнөт. Ал эми Бириккен дүйнөлүк күрөш федерациясынан бизге мындай акча бөлүнбөйт. Тескерисинче  өзүбүз төлөп, каражат сарптап  жүрөбүз. Эгер  күрөшкө да футболго бөлүнгөндө каражат бөлүнсө, анда күрөшү спорту мындан да өнүкмөк. Күрөштү өнүктүрүүдө Шаршенбек Абдыкеримовдун кошкон салымы абдан чоң  экенин баса белгилеп айтышыбыз керек.

Мына мен федерацияда 1998-жылдан бери жүрөм, кээ бир учурларда мамлекет башчылары  кайсы бир маселе менен чакырганда, сый көрсөткөндө  биз деле унутулуп калабыз. Андай учурлар болот. Спорт тармагынын чоӊдору кээ бир учурларда тандап калышат. Мен бир жолу бул маселени спорт тармагын жетектегендердин бетине  айткам. Спортту саясатташтырбай, таза, калыс кармоо зарыл.  Негизи эле спорттогу баардык ийгиликтерге теӊ карашыбыз керек.  Мамлекет канчалык спортчуларга көӊүл бурса, ошого жараша ийгилик жаратууга аракет да чоӊ болот.

    Маекетшкен  Айбек Шамшыкеев