Мелис Токтомамбетович, жаӊы кодекстер коомчулукта катуу талкууга алынып, бийликтин  аброюн кетирип жатканын баарыбыз көрүп жатабыз. Сиз бул маселе боюнча кандай көз караштасыз?

 —Бул жаӊы кодекстерди ишке киргизүү маселеси бир канча жыл мурун эле  башталган. Байкап көрсөк, кылмыштуулукка карата гумандуулук абдан көп экен. Мен ошондо эле: “Бизге мындай гумандуулукка азыр эрте. Мамлекеттин ахыбалы, элдин аӊ сезими башка да”– деп   айтып, каршылыгымды көрсөтүп, макул болгон эмесмин. Эгер биздин экономикабыз күчтүү,  бай мамлекет болсок бир жөн. Анткени, бай мамлекеттерде кылмыш аз катталат. Керек болсо Американын өзүндө кылмыш жасагандарга мындай гумандуулук жок. Бул жаӊы кодекстеги мыйзам боюнча  10 миӊ сомго чейин уурдап, кылмыш кылган адамдын аракети жорук деп аталып, кечирим сурап, айыбын төлөп кутулуп кетсе болот экен. Улам уурдап, улам айып төлөп уурдай бергенге жол ачып жатышпайбы. Учурда чөнтөк уурулугу күчөп турат. Рецидивист кылмышкер деген түшүнүк  бар да. Мындайча айтканда,  бир жолу кылмыш кылып, кутулуп чыгып кайра дагы кылмыш кылып кармалгандарга рецидивист  катары ага дагы жаза мөөнөтү кошулчу. Өзгөчө тизмеге алынып, көзөмөлгө алынчу. Эми жаӊы кодексте мунун баарын алып салышыптыр. Бул өтө туура эмес.

Чынында бир жолу  уруулук кылган адам, “көнгөн адат калабы” дегендей көнгөн ишин дагы кыла берет, же бир жолу адам өлтүргөн адамды экинчи ирет киши өлтүрбөйт  деп ким кепилдик бере алат? Ошондой эле коркутуу жолу менен (вымагательство) башкалардын мүлкүн тартып алуу сыяктуу кылмыш ишин да жокко чыгарып салгандай эле кылышыптыр. Мисалы, уюшкан кылмыштын мүчөсү коркутуп адамдардын акчасын, байлыгын тартып алса, бирок жабырланган адам дооматы жок экенин билдирип арыз жазып (балким коркутту, же ич ара сүйлөшүп алды) койсо, болду ал кылмышты жаап коюшат экен.

Мына, аз күн мурун ИИМдин коллегиясында кылмыштуулук өсүп кеткени ачык айтылды. Кылмыш кылгандарга катуу чара көрүп, кылмыштуулуктун деӊгээлин төмөндөтүүгө шарт түзүп бергендин ордуна, кайдагы жаӊы кодекс менен тескерисинче кылмышкерлердин башынан сылап, жазасын жеӊилдетип, кайра аларга кылмыш кылганга шарт түзүлүп жаткандай эле болуп жатат да. Бул жаӊы кодексти негизинен бейөкмөтчүлөр  жазышты да. Эми алар кандай ыкма менен, кайсыл өлкөлөрдөн акча алып иштешерин биз кызматта турганда далилдеп берип, ЖМК аркылуу жалпы коомчулукка чыгарганбыз.

Негизи теория менен практиканын чоӊ айырмасы  бар. Практиканы билгендерди  Жаӊы кодекстерди жазууга катыштырышкан эмес. Ошондон улам, жыйынтыгы ушундай болуп калды. Убагында  шашып кабыл алышып, соттук реформа кылабыз деп жатып бүт системаны талкалап алдык да. Муну бир сөз менен айтканда, саботаж  деп койсом болот. Бул тууралуу азыр ИИМ, Башкы прокуратура ачык айта албай жатат. Мен аларды түшүнүп эле турам. Бул мыйзам 2016-жылы кабыл алынган да, ошондо эле бийликтегилер  ошонун баарын билип, окуп туруп,  мораторий  менен 2019-жылга жылдырып  коюшту да.

—Ушул жаӊы кодексти иштетүү үчүн сырттан 13 миллион 600 миӊ евро кеткени айтылып, бирок ал акчанын отчётун  бере албай жатышпайбы? Бул маселе да тыкыр иликтениши керек да.

Сырттан акча келгенин убагында укканбыз. Бирок ал акча канчалык деӊгээлде максаттуу  сарпталды деген маселеге тиешелүү мекемелер, жетекчилер жооп бериши керек. Корогон каражатты тыкыр иликтеп койсо эле баары ачыкка чыгып калат. Азыр эми көп эле депутаттар  сын айтып жатышпайбы. Бирок убагында ушул эле депутаттар бул мыйзамды кабыл алып беришкен.

—Жаӊы кодекстер ИИМдин ишин алдыга жылдырбай эле артка тартат деп ишенимдүү айтсак болчудай экен да…

—Биринчиден милиция кызматкерлерин  коомчулукка жек көргөзүү маселесине алып келет. Кызматкерлер кыйналып жатышат да, себеби, биз мындай багытка даяр эмеспиз. Административдик  айыптар боюнча эмне деген гана сөздөрдү угуп жатышат.  Азыр эми жанталашып оӊдоп жатышат. Оңдолгондон кийин карайлы да, эмнелерди өзгөртөт, эмнелерди калтырат? Менин оюмча, азыр катуу талкууга алынып жаткан жаӊы кодексти жокко чыгарып туруп, кайра таза барактан баштап эле жазып чыгышса жакшы болмок. Атайын топ түзүп, талапка ылайык иш жүрсө, 2-3 айда  эле жазылат. Тереӊдетип  тыкыр иликтеп, керектүүсүн калтырып, айтор талапка ылайык кылып, жылдын аягына чейин толук бүтүрсө болот. Жакшы, мыкты жаӊы кодекс жазылыш үчүн баарыбыз жакшылап жардам беришибиз керек.

Суроо салган Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here