Классикалык музыка дүйнөсүнүн чыгаан, көрүнүктүү өкүлүнүн бири – атактуу скрипка чебери Максим Венгеров. Анын ойногонун бийик искусствонун сүйүүчүлөрү, баалоочулары скрипкада аткаруунун  эң жогорку үлгүсү катары кабыл алып келишет. Андан улам, Максимдин ар бир концерти – өзгөчө бир  окуя!  Венгеровдун концерттери  Нью-Йорктогу “Карнеги Холл”, Лондондогу “Альберт Холл”, Париж Филармониясы, Монако операсы, Сидней Консерваториясы жана башка ондогон ири, атактуу концерттик сахналарда чоң ийгилик менен болуп өткөн. Эми бул катарга Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы да кошулмакчы!

Учурда дүйнө жүзүндө өз таланты менен миллиондогон көрүүчүлөрдүн купулуна толгон, чеберчилиги эң жогорку деңгээлдеги  музыканттар абдан арбын. Классикалык музыканын өнүгүүсү өтө тез, музыкалык бийиктикте  уламдан-улам жаңы ысымдардын жылдызы жанып келет. Алардын арасынды угуучуларды таң калтырган виртуоздор, дүйнөнү багындырган  терең музыканттар абдан көп болгону менен, Максим Венгеров сыяктуу инсандар баары бир өзгөчөлөнүп, дүйнөлүк классиканын чандалар гана жетүүчү бийиктигинде турушат. Муну классикалык музыкага тиешеси бар, ага  аралашкан, аны түшүнгөн адамдар тастыктап бере алышат. Максим Венгеровдун чыгармачылык жолу 4 жашында башталып, азыркы учурда ийгиликтүү уланууда. Биринчи жетишкендикке ал 10 жашында келип, Генрик Венявский жана Кэрол Липинский атындагы эл аралык конкурсту жеңип алган. Андан соң 16 жашында Карл Флэш атындагы сынакты утуп, спорттук терминология менен айтканда, дүйнөнүн чемпиону болду. Жаш музыканттын алдында эң кеңири жол ачылып, конкурстун шарты боюнча  Лондон, Париж, Нью-Йорк, Токионуну эң ири концерттик сахналарында 70 концертти ойноого укук алат!

ХХкылымдын 90-жылдарынан  тарта Максим Венгеровдун атагын дүйнөгө чыгарган чыгармачылык жолу башталат. Жыйырма үч жашында ал классика чөйрөсүнүн дүйнөнүн эң мыкты жаш музыкантына берилүүчү Киджи Академиясынын премиясын алат. 1996 жана 2004-жылдары Максим Венгеровго  музыка чөйрөсүнүн “Оскары” болгон  “Грэмми” премиясы ыйгарылат – биринчи жолу “Жылдык мыкты классикалык альбому”,  экинчиси – “Оркестр менен ойногон мыкты солист” деген номинациясында.

Дегеле Максим Венгеров    Советтер Союзунун учурунда эле, Евгений Кисин, Вадим Репин, Полина Осетинская   музыкалык вундеркинддердин  катарында белгилүү болуп, бала кезинде эле атагы чыга баштаган. ХХ-кылымдын 80-жылдарындагы советтик теленин  архивинен бул жаш таланттар тууралуу көптөгөн видеоматериалдарды, көрсөтүүлөрдүн табуу мүмкүн. Негизинен булардын улуу советтик маданияттын акыркы алптары десе да болот – алардын чыгармачылыгы  Советтер Союзунун маданият жана искусствосунун  гүлдөп турган кезинен  тамыр алат.

Кийинки учурда ал чыгармачылыгын арттырып, талыкпаган эмгеги менен дүйнөлүк классикалык музыканын туу чокусуна чыкты.  Педагог катары Венгеров дүйнө жүзүн кыдырып, жаш таланттарга мастер-класстарды абдан көп өткөрөт. Анын сабактарына катышуу музыканттар үчүн эң жогорку сыймык жана жетишкендик. Өзү болсо Лондондогу “Royal College of Music”, Швейцариядагы Менухин Академиясынын”, Бельгиядагы Ватерлоо шаарчасындагы “Музыка мунди скуул” музыкалык мектептердин профессору. Бир нече жылдардан бери Менухин Академиясынын жетекчиси. Венгеровдун гастролдук графиги 2024-25-жылдарга чейин  жазылган, бирок керемет болуп Бишкектеги “Таланттар мектебинин” чакыруусу боюнча ал Кыргызстанга келип, концерт берүүгө макул болду! Концертте дирижёр болуучу “Музыка мунди скуул” мектебинин негиздөөчүсү, профессор Леонид Кербелдин айтуусунда Максим Венгеровго  алгач “Таланттар мектебинин” окуучуларынын чеберчилиги, бул мектеп менен жакындан таанышуу  кызык болду дейт. Леонид Кербель – “Музыка мунди” фестивалынын негиздөөчүсү, Лондон “Royal College of Music”, Швейцариядагы Менухин Академиясынын” профессору, атактуу скрипач жана дирижёр. Педагог катары  эки жылдан бери “Таланттар мектебине” келип, сабак өтөт жана келечекте бул мектептин окуучулары анын “Музыка мунди скуул” мектебинде окууга мүмкүнчүлүк алышкан.

Ошентип, Кыргызстандын классикалык музыкасы абдан чоң салтанаттын алдында турат – Максим Венгеровдун деңгээлиндеги чеберлер биздин өлкөгө абдан чанда келишет. Ошондой эле,    ал атактуу   Страдиваринин     скрипкасынын үнүн угуу – бул баа жеткис керемет!  Классикалык музыканын сүйүүчүлөрүнүн бири айткандай: “Максим Венгеров – бул Космостон түшкөн музыкант!” Учурда мындай баамдоого татыган бир нече адам болушу керек жана спортко аналогия кылып, алгач эле Леонель Месси, Мухамед Али, Михаэль Шумахерлердин аттары эске келет…

                                                                             Нурлан  ЖООДАТОВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here