—Биз билгенден режиссёр катары Казакстандын дагы киносунун өнүгүшүнө өз салымыӊызды коштуӊуз. Бүгүнкү күндө ал жакта да эмгектенип жатасызбы?

 —Мен Казакстанда 7 жыл иштедим. Жалпысынан  7  көп сериялуу кино тартыптырмын. Ал кинолордун серияларын баарын кошсок 300 серия болот экен. Өткөндө бир эсептегем, “Дарак ырында”  70 көркөм  эпизод бар. Ал эми Казакстанда тарткан 300 сериалда жалпысынан тез тартылган 5000 эпизод бар экен. Демек, кошуна өлкөдө “Дарак ырындай” кинодон 50нү тарттым деген сөз. Азыр да улантып жатам. Бул бизге, биздин үй-бүлө үчүн керек. “Дарак ырынан” кийин да  күүчү тууралуу 20 сериялуу  бир тасма тартып келдим. Антип иштебесем, болбойт. Үй-бүлөнү багышым керек, 3 балам чоӊоюп келатышат дегендей. Мен бир тасма тартып коюп, 3 жыл чалкалап жатып алганга шартым жок.

—Казакстандан тапкан  кирешеӊизге “Кыргыз киносу” деген аталышта кинотеатр ачкансыз. Бул кинотеатр менен да кыргыз киносунун өнүгүшүнө, элге кенен жетишине өзгөчө салым кошуп келесиз. Мына ушул багытта кебибизди улантсак…

 —Туура, мен Казакстандан тапкан кирешемдин үстүнө насыя алып, үй ала электе, тактап айтканда 7 жыл мурун кинотеатр ачкам. Бүгүнкү күндө көп эле кинотеатрлар ачылды. Бирок көбү кичинекей, экрандары чакан. Үнү дагы начар. Ал эми биз “Кыргыз киносунун” 120 орундук залына биз 6 метрлик экран койгонбуз. Үнү да мыкты, маселен 5-1 каналды дагы көрсөтө ала турган деӊгээлде. Муну мен сыймыктануу менен эле айтып койсом болот. Чынында сиздер айткандай, бул кинотеатр кыргыз киносунун өнүгүшүнө жакшы эле салым кошту. Азыр да кошуп жатат. Ошол учурда мага: “Айбек, кыргыз киносу тартылбай калса, банкрот болуп каласыӊбы? ”- деп айтып жүрүштү. Мен андай сөздөрдү кулагымдын сыртынан кетирип, кинотеатрда жалаӊ кыргызча кинолорду көрсөтө бердим. Жыйынтыгы жаман болгон жок. Эӊ башкысы кино көрүү маданиятын оӊдоого да салым кошо алдык. Мисалы, кинотеатрды жаӊы ачканда балдар залда кино көрүп жатып, тамеки чегип, арак иче беришчү. Биз акырындык менен анын баарын жок кылдык.

Бирок азыр бул кинотеатр  менин карамагымда эмес. Себеби, 2017-жылы “Дарак ырын” тартуу да, кинотеатрды иштетүү да кыйынга тургандыктан, биз кинотеатрды Назира Аманкожоевага  өткөрүп бергенбиз. Ал өзү шоу-бизнести жакшы түшүнгөн адам. Ошентсе да, бир жылдай кыйналышты. Азыр ишти жөнгө салышып, жакшы иштетип жатышат.

—Маданият министрлигине караштуу кинодепартаментинин кино тартуу, режиссёрлорго акча бөлүштүрүү саясаты эчактан эле коррупциялашып, өздөрүнчө мафияга айланып кеткенин эл да, эл ичинде силер киночулар да абдан жакшы билесиӊер? Катуу да сындар көп айтылып келет. Бул боюнча ачык эмне айта аласыз?

—Туура, бир топ сындар айтылып келатканын билебиз. Мен бир нерсени айтат элем. Чынын айтканда азыр өкмөт киного кереги деле жок болуп тургансыйт. Биздин жалпы киноматографиябыз өкмөткө муктаж деле эле эмес.  Тийишпесе болду деген сөз да. Тескерисинче, өкмөткө, мамлекетке кино абдан керек да. Экономикалык жактан алып  караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда миӊдеген адамдар кинонун аркасы менен айлык таап үй-бүлөлөрүн багып жатышат. Эмнеге дегенде, кинодо миллиондогон долларлар айланып жатат. Ошонун баары өлкө ичинде калбай, башка мамлекеттерге да чыгып жатат. Бир мисал, “Аватар” киносу Бишкектен прокатынан эле 300 миӊ доллар таап кеткен. Кино багытында мыкты менеджерлер келип, жаӊы ыкма менен иштешсе, мүмкүн ошончо каражатты өкмөткө пайдалуу кылып колдонушмак. Үчүнчү жагынан, идеологиялык жагынан да абдан аксап жатышат.  Мисалы, “Саякбай”тасмасы өкмөткө керек болчу. Бирок кереги жоктой мамиле кылып, акча бөлбөй коюшту. Мекенчил адамдар ал тасманы жеке каражатына тартышты. Ошондой эле мамиле биздин “Дарак ырына” да болду. Акча беребиз дешти. Бирок бербей коюшту. Баары бир өз аракетибиз менен тарттык. Жыйынтыгында биздин кино да башка кинолордой эле Кыргызстандын атын башка өлкөлөргө даӊазалап жатат. Биз “Дарак ырын” жаратып жатканда орусиялык продюсерлер менен иштештик. Бул кинонун продюсери Толкун Дайырбекова жалгыз эле  ушул кино үчүн Орусиядан 10 миллион сом инвестиция тартты.  Ал эми Кинодепартаменти жыл сайын 7 миллион сомдон 10 миллион сомго чейин каражат бөлөт. Бул аракеттерди деле билмексен, көрмөксөн болуп коюшту. Мейли, ал өздөрүнүн иши.

Суроо салган Айбек ШАМШЫКЕЕВ

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here