Жаңы айып пулдар маселеси, анын ичинде түкүрүк боюнча айып пул коомчулукта кызуу талкууга алынды. Айласы кеткен өкмөт 5500 сом деген түкүрүктүн “баасын” 1000 сомго түшүрө турганын кыйытты. Бирок миң сомдук айыпка каршы болгондор да бар. Маселен алардын бири, белгилүү саясат талдоочу Бакыт Бакетаев. Ал бул маселе боюнча биздин гезитке буларды айтып берди.

—Бакыт мырза, өкмөттүн түкүрүк боюнча мыйзамын кандай кабыл алдыӊыз?

—Өкмөттүн мыйзамына ылайык түкүргөндөр айып пул төлөшү керек. Эгер  оорукчандар  түкүрмөк түгүл заӊдап жиберсе да  маселени комиссия чечет да.  Андайлар  “панос”  деген справкасын алып келишсе комиссия айып пул салбайт да.  Эгер атайылап заӊдаса гана чара көрөт. А көпчүлүктү кантип тартипке келтиришет? Түкүргөндөр үчүн 1000 сом деле аздык кылат. Анда 100 сом кылалы дагы баарыбыз чогулуп алып тамеки, насвай тартып, чемичке чагып, таштандыларды көбөйтүп жүрө берели.

—Эми түкүргөндөр үчүн айып пул 1000 сом бойдон кала турган болду. Муну колдоп жатышат го  

—1000 сом боло элек. Жалпысынан алганда түкүрүк боюнча мыйзамды баардыгы колдоп жатат. Эмнеге түкүрүшөт? Үйүнө барып түкүрүшсүн! Бул жерде саясий мамлекеттик ой жүгүртүү болуш керек да. Бирөө тамашалап ыр жазып койсо эле айып пул 1000 сом болуп калмак беле? Чындыгында 1000 сом деле көптүк кылат дечи. Эгер мен күнүгө беш жолу түкүрсөм 5000 болуп жатпайбы. Анда мен деле “1 сом кылып эле койбойсуӊарбы?” деп нааразы болом да. Бирок мен шаардагылардан сурасам   “5000 сом болгону туура” деп колдоп жатышат. Мисалы, сен үй-бүлөӊ менен коомдук жайлардын биринде скамейкада отурсаӊ мен жаныӊа барып түкүрүп, тамекинин калдыгын таштаганга кандай акым бар? А сен төлө десеӊ мен айып пулду сен отурган жерде  төлөшүм керек да.  Биздин элибиз тамашага салып эле түкүрүктү көп айтып жатышат.  Учурда элдин көбү түкүрбөй калды. Мен деле тамекини бирөөлөргө көрүнбөй жашырынып тартып калдым. Мисалы, жакында митингге барсам эч ким түкүргөн жок. Көрдүӊбү, түкүрүк тамашага айланса да эл тарбияланып калат. Эл тамаша кыла берсин.  Өкмөткө күлгүлө. Ыр жазгыла. Кино  тарткыла. Бирок түкүрбөгүлө. Биз митингге барганда Өкмөттү сөгүп коюп, таштанды челектин жанында тамеки тартып турдук го. Өкмөт айткандан кийин сөзүнө турушу керек. А падыша деген бир айтат дейт. Туурабы ?

—Эгер айып пул 1000 сом болуп кала турган болсо митингге чыгасызбы?

—Бишкекте тазалыкты сүйгөн адамдар миллиондоп саналат. Эгер миӊ сом боло турган болсо анда мен чогултсам  митингге 10 киши тургай, жок дегенде 100 киши барат. Өкмөткө, Ак үйгө  түкүрөбүз. Өкмөт ошондо чочуп айып пулду кайра 5000 сом кылат. . Кээ бир мамлекеттерде  көчөлөрдө эле зараа кылып, булгай беришет.Тазалыкты каалабай түкүргөндү жакшы көргөндөр  каалагандай ошол жакка эс алып заара кылып келишсин.

Эл жашаган жерлерде катуу мыйзамдар болушу керек. Сингапурда бир түкүрүккө 500 доллар айып пул төлөшөт. Ал жакта эл таза дейсиӊби? Биздей эле. Бирок мыйзам күчтүү. Мен жогруда айткандай Индияда каалаган жерде тескери карап алып заара кыла беришет. Анткени ал өлкөдө тазалыкка байланыштуу күчтүү мыйзамдар жок. Японияда тамеки тарткандар кагаздан жасалган күл түшүргүчүн колуна кармап алышат. Демек, мыйзамдар күчтүү болсо тазалык да сакталат.

Булак:Багыт кж.