Илим Карыпбеков мындай пикирин «Азаттыка» билдирип, буларга токтолгон:

 — Мыйзамда “бир адам бир жолу же эки эле жолу боло алат” деген чектөө коюлган эмес. Ошондуктан мен кайра арыз берүүгө укугум бар. Беремби же бербеймби, бара-бара карайм. Убактым 18-февралга чейин бар. Билесиздер, арыздар 18-февралга чейин кабыл алынат. Дагы ойлонуштурабыз го, — деп жооп берген.

Карыпбековдун айтымында, анын ыйгарым укуктары 19-мартта аяктайт. Жаңы жетекчи 20-мартта ишке киришүүсү керек.

Коомдук телерадиокомпаниясынын башкы директорлугуна сынак жарыяланганы мекеменин сайтына жайгаштырылды. КТРК тууралуу мыйзамга ылайык, башкы директор 4 жылга шайланат. Сынактын талаптары боюнча талапкерлердин жогорку билими болушу керек.

Сынактын жол жоболорун  ktrk.kg сайтына толук жазылган:  Негизиги талаптар:  мамлекеттик тилди эркин билүү, расмий, англис жана башка тилдерди билгендерге артыкчылык берилет. 5 жылдан кем эмес практика жүзүндө жетекчилик иш тажрыйбасы, теле жана радионун иштөө принциптерин түшүнүүсү зарыл. Талапкер коомдук-саясий жана диний уюмдарда кызмат ордун ээлей албайт.

 Карыпбеков бул кызматка  2015-жылы 15-мартта шайланган.

Мыйзамга ылайык, башкы директор төрт жылга шайланат. Сынак төрт баскычта өткөрүлөт. Жетекчини каналдын Байкоочу кеңеши жабык добуш берүү жолу менен тандайт.