—Сиздин оюӊузча президент кадр маселесин туура чечиш үчүн кандай аракеттерди көрүшү керек?

—Президент чече турган маселелер абдан көп. Бирок кадр маселесин чечүүдө уялбай эле эл менен кеӊешип туруп, ар бир  тармактын башына кесипкөй кишилерден коюшу керек. Кыргызстанда өлкөнү өнүктүрүп кете ала турган 100 киши табылбай калыптырбы? Табылат… Ал үчүн Жээнбеков  Путинге окшоп президенттин алдында ар бир тармак боюнча коомдук кеӊештерди түзүп коюшу керек. Анан жылына эки жолу алардын кеӊешин алып турса жакшы эле болмок. Себеби бир киши баарын биле албайт да. Турдакун Усубалиев деле учурунда айыл чарбасы болобу, же мал чарбасыбы уялбай эле тиешелүү адистерден кеӊеш сураганын баса белгилеп кетейин. Мен 1963-жылы Кант кызылчасы боюнча селекциялык станциянын директору болчумун. Ошол учурда Усубалиев  биздин иш менен кененирээк таанышуу үчүн  келип калды. Ал кантип өстүрүү боюнча менден кененирээк маалымат сурады.  3 саат убакытысы бар экенин айтты. Биз талааларды үчөөбүз  кыдырдык. Мен үч саат бою кызылча боюнча маалыматтарды айтып бердим.  Президент дагы ушундай ыкма менен коомдо болгон кадрлардын потенциалын пайдаланышы керек.  Ошондо Усубалиев  бизге болгону бир эле жардамчысы менен келди.  Эми азыркылар президентти кой, өкмөт башчы, министрлер  раойнго барса, 2-3 үч машине барышат да. Андан тышкары керектүү китептерди да сурап алган эле. Мунун жыйынтыгында үч жылдан кийин ал киши кант кызылчасы тууралуу маалыматтарды бизден артык билип калган.

—Бирок мындай мүмкүндүктү пайдалантпай азыркы кезде президенттин ишине кошоматчылар жолтоо болуп жатпайбы…

—Туура айтасыӊ. Мен ачык эле айтайын. Чыӊгыз Төрөкуловичтин  90 жылдыгы филармонияда өткөндөн кийин, мааракенин калган бөлүгү Ала-Тоо ресторанында улантылды. Ал жерде президент да болду. Ошондо аксакал катары Мамбет Мамакеев менен Бексултан Жакиевге сөз берилгенде алар президенттин көзүнчө кошомат сөздөрдү айтканда баарыбыздын башыбыз жерге кирип кете жаздады. Булар мындай жоругу менен  “дүжүр аксакалдардын” классикалык өрнөгү болуп жатпайбы…

—Президенттин 27 жылдын аралыгында өлкөгө спикер, өкмөт башчы болгон кишилер менен жыйын өткөрүп, алардын кеӊешин укканын кандай кабыл алдыӊыз? Ошолордун жарымы өлкөгө залакасы тийгендер экендигин өзүӊүз деле жакшы билсеӊиз керек…

—Билем… Президентке учурда 4 мүнөт дагы зарыл болсо керек. Бирок ошого карабай ал киши мурунку спикер, өкмөт башчыларга 4 сааттай убактысын бөлбөдүбү. Чынын айтсам  ошол жыйынга катышып отурган кээ бир кишилерден мен аябай уялдым.  Алардын айрымдарына токтоло кетейин. Зайнидин Курманов учурунда Бакиевдин оӊ колу болуп турган ыраматылык  Медет Садыркуловдун жакын досу болчу. Бакиевдер аны өлтүрүшкөндө Зайнидин бир сөз айттыбы? Демек, андан кандай жакшылык күтүүгө болот?! Апас Жумагуловду мен сыйлайм. Бирок ал киши Талгарбеков айыл-чарбасын кандай талкаласа, андан кем калышпай өлкөнүн өнөр — жайын ушул киши талкалабадыбы. Кубанычбек Жумалиев өкмөт башчылыгына көрсөтүлгөндө  ошол кездеги депутаттардын арасынан жалгыз мен эле каршы чыккам. Программасын угалы десем да кошоматчы  депутаттар мага мүмкүндүк бербей коюшту. Беш айдан кийин өлкө кризиске учураганда Акаев аны өкмөт башчылыктан кетирип  кайра Жалал-Абадга губернатор кылып кызматка койду. Кубанычбек Жумалиевди “Акаевдин губернатору”  деп айтышчу. Эми ушул  Кубанычбек президентке кандай кеӊеш бермек эле? Ошон үчүн президент өзүнүн убактысын туура баалап ар бир тармакты жакшы билген адистер менен жолукса жакшы болмок.   Чындай келгенде кошоматчылар, арк андай жол менен байып алгандар, мыйзам бузуп, айыпталып жоопко тартылгандар  президентке  кандай кеңеш беришет? Бул эми акылга сыйбай турган эле иш болуп калды да.

—  Эми кептин нугун башкага бурсак. Сиз башкаларга караганда көбүрөөк билген Австралиядан биздин өлкөгө алынып келген кочкорлор боюнча  окуяны эске салып айтып койбойсузбу? Азыркы жетекчилерге да сабак болсун…

—Тартылган жок…  Өкмөттүн атынан барып кол коюп келген мен билгенден Талгарбеков болгон экен. Эми ошондо эле какшап айтканбыз. Угушпайт экен да. Кой чарбасынын мекени Кыргызстан болсо, башкалар бизден артык кой чарбасын билмек беле? Ошондо Австралиядан самолёт менен  200 кочкор, 400 токту алып келишкен. Бир кочкордун баасы 2700 доллардан айланды. Токтунун баасы 1000 доллардан болду.   Ошол учурда Оргочор деген чарбада уяӊ жүндүү сонун кочкорлор бар эле. Ал кочкорлорду ашып кетсе 300-400 доллардан алганыбызда баарын камсыз кылмакпыз. Австралиядан кочкорлорду алып келгиче тубар койлордун баарын сатып жиберишкен. Мисалы, Нарындын шартында Аксайда эки бөтөлкө аракка бир тубар койду баалашкан. Ошто өзбек туугандарга бир аз эле акчага сатышып баарын талкалашпадыбы. Ошентип кочкорлор келсе тубар койлор жок эле. Алардын иштегенге иши жок. “Булар эмне “голубой” кочкорлорбу?” –деп мен ошондо айтканда  элдин баары күлүшкөн. Ошентип, баягы 17 млн. доллардын дайыны чыкпай калды. Бирок, эч ким жоопко тартылган жок.

—Австралиянын шарты бизге салыштырмалуу такыр башка да…

—Австралияда 100 миллиондон ашык кой бар экен. Ал жакта чөп аябай кенен болгондуктан койлор тойгондо баскысы келбей калат экен. Эми эрке кочкорлор жатып алып чөп жеп атканын көрдүм. Анан ал жактан келген кочкорлор биздин Тоӊ жактагы 1500-1700 метр бийиктиктеги тоонун башына чыкканда эле күшүлдөп баса албай калышпадыбы. Алар тоонун шартына көнүшкөн эмес да. Ошон үчүн 1000 метр бийиктикке да чыга алышпайт. Ошентип биздин шартка көнбөгөндүктөн ал кочкорлордун  алды  өлө баштады . Артын болсо Акаевдин көзү өтүп кеткен бир тууган агасы баш болуп талап алышканда ошону менен дайынсыз жок болушту. Ошол убакта бизде Эмил Узакбаев деген тыӊ жигит министр боло калган. Кошоматчылыкты ошол баштап жатпайбы тиги кишиге кочкорлорду алып барып тартуулап. 90-жылдардын аягында бизде койлордун 95%ы пайызы асыл тукумдуу болсо, азыр 7%ы калды. Азыр тайганга окшогон койлор пайда боло баштады…

Булак: Багыт