Канат мырза,  жыл жаңы гана жаңырды. Ошондуктан өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча сөз козгойлу. Сиз башкарган башкармалыктын 2018-жылдагы көрсөткүчтөрү кандай болду? Учкай айтып берсеңиз?

—Кудай буйруса, өткөн жылды жакшы жыйынтыктап алдык. Ар тараптуу жетишкендиктер болду. Анын баарын тизмектеп айтып олтурбайын. Негизгилерине  гана токтолоюн.  Биздин эң негизги иш багытыбыз жол кырсыктарын азайтуу, колдон келишинче андай кырсыктарды алдын-алуу, болтурбоо да.  2018-жылы жалпысынан республиканын аймактарында    алты миңге жакын жол кырсыктары катталып, анын кесепетинен  716 адам каза тапты. Бул көрсөткүч 2017-жылкы көрсөткүчкө салыштырмалуу 21 пайызга аз. Кыргызстанда  2006-жылдан 2015-жылга чейин  жыл сайын жол кырсыгынан  миңден ашуун адам, ал эми  2016-жылы 938, 2017-жылы 907 адам каза тапты. Бул далилдер менен жыл өткөн сайын адам өмүрүн алган кырсыктар акырындык менен азайып келатканын айтсак болот. Бирок бул маселеде акыркы жылдары калктын саны менен автоунаалардын саны да кыйла көбөйгөнүн эске алуу керек. Маселен, 2006-жылы Кыргызстанда элдин саны 5 миллиондон ашуун болсо, азыр 6 миллиондон ашты. Ал жылы автоунаалардын саны 300 миңден ашса, азыр миллиондон ашат.  Мына 1-январдан баштап жаңы кодекс жана ишке ашып жаткан “Акылдуу шаар” долбоору да  айдоочуларды жол эрежесин бузбоого тарбиялайт, мажбурлайт дегендей. Анан ошонун негизинде да адам өмүрүн алган ар кандай жол кырсыктары да бир топ азаят деген ишеним бар.

Азыр биз ар кандай багыт боюнча  үгүт-насаат иштерине басым жасап жатабыз. Мисалы, мектеп окуучулары жолдо өзүн кантип алып жүрүү керек, автомектептин курсанттарына көӊүл буруп жатабыз. Бир жумада бир жолу автомектептин курсанттары биздин кызматкерлер менен жолго чогуу чыгып, жолдогу айдоочулардын айдаганын, жол эрежесин бузгандарын, жөө жүргүнчүлөрдүн өзүн алып жүргөндөрүн көрүшөт.  Мына ушунун баары үйрөнчүк айдоочуга иш жүзүндөгү чоӊ сабак, тажрыйба  болуп калат.

Жаңы айып пулдар катуу талкууга алынып жатпайбы. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?

—Негизи  биз баарыбыз, жалпы эле айдоочулар жол жүрүүдө эреже бузбаганга көнүшүбүз керек. Бизде болсо көбү жол эрежесин бузуп айдаганга көнүп алышкан да, жаңы кодексти сындап жаткандардын көбү да ошондой адамдар. Эгер айдоочулар жол эрежесин сактап айдашса, ал адам эч кандай айып төлөбөйт. Мисалы, мурун коопсуздук курун тагынбагандардын айып пулу 300 сом болсо, азыр 1000 сом болду. Кайсы жерде кандай кырсык болбосун биздин кызматкерлер барышат. Жардам беришет да, иликтөөгө да алышат дегендей. Коопсуздук курун тагынбай айдагандардын машинасы ала  салып кетсе, андай учурда  көбүнчө айдоочунун моюну сынып кетип, каза таап калат. Ал эми коопсуздук курун тагынып айдаган айдоочулар кырсыкка учураса, алардын 80 — 90 пайызы аман калат.

Биз айып пулдар боюнча негизги басымды автоунаасын мас абалында айдагандар менен ылдамдыкты сактабагандарга  жасап жатабыз. Эмнеге дегенде мас болуп айдагандар жана катуу айдагандар көп эле кездешип жатат.

—Коомчулукта: “бул айып пулдун көбү казынага түшпөйт. Көбү МАИ кызматкерлеринин капчыгына кетет, айып пулдардын көбөйүшү МАИ кызматкерлеринин ставкасын гана көбөйтөт. Айлыктары 7500 сом эле”- деген сындар байма-бай айтылып жатат. Сиз бул кептерге жетекчи катары кандай жооп айтасыз?

 Айып пулдардын көбү казынага түшпөйт дегенге кошула албайм. Себеби, бул боюнча  жылдан –жылга көрсөткүчтөр жогору болуп келатат. Ошон үчүн мен далил катары андай сындарга сандар менен жооп узатайын.  2018-жылы биз  айып пулдардан 496 миллион 669 миң сомдон ашуун каражат топтодук.  Бул көрсөткүч 2017-жылга салыштырмалуу  116 миллион сомго көп. Ал эми айлык маселеси боюнча айтсак, бүгүнкү күндө биздин кызматкерлердин орточо айлыгы 12-13 миң сомдон башталат. Андан тышкары, ар бир кызматкердин бонусу бар. Ошону менен дагы 10 миң сом кошулат. Кыскасы, бизде ар бир кызматкер кызматын так аткарса, 20 миң сомдон ашыгыраак айлык алат. Албетте, биз элдин айткан сындарынын  баарын тең толугу менен четке кага албайбыз. Себеби, беш кол тең эмес да. Баардык иштер сыдыргыга салгандай түз кетип жатат деп айтуу кыйын. Кызматкерлерибиздин арасында напсисин тыя албагандар да бар. Мисалы, 2018-жылы 187 кызматкер жаза алган. Биз кызматкерлерибиздин мыйзам бузуу аракеттерине тиешелүү чараларды көрүүнү  күчөтүп жатабыз десем болот.

—“Коопсуз шаар” долбоору акыры ишке ашып жатат. Бул долбоор кымбат жана сапаты начар деп сынга алып жатышпайбы. Бул боюнча эмне айтасыз?

 —Учурда Бишкек шаары боюнча 38 көчөнүн кесилишинде  камера орнотулуп жатат. Андай жерлерде биздин кызматкерлер мурункудай жол көзөмөлдөп турбайт. Ким, кайсы айдоочу ал көчөлөрдөн жол эрежесин бузган болсо, камера шакылдатып тартып турат. Бизге тиешелүү мекемеден сүрөттөрүн бизге жөнөтөт. Бизде атайын операторлор жол эрежеси бузулганын аныктаса, биздин офицер кызматкерлер электрондук мөөрдү коюп туруп,  ошонун негизинде айдоочулардын үйүнө билдирүүлөрдү тарата турган фирмага (тендерден кийин кайсы фирма утканы аныкталат) жөнөтөбүз. Андай билдирүү катын алган айдоочу айып пулду бир айдын ичинде төлөшү керек болот. Эгер бир айдан ашып кетсе, туум (пения) эсептеле баштайт.

—Автоунааларын өздөрүнө каттабай Ишеним каты менен айдап жүргөндөргө бул маселе баш оору болушу мүмкүнбү?

 Ал маселе акырындык менен чечилип келатат. Эми мындан ары машинасын саткан адам алуучунун наамына  каттап берүүгө кызыкдар болуп калат. Ишеним каты менен сатуу мурункудай пайдалуу болбой калат. Эмнеге дегенде, машина кимдин наамына катталса, айып пул боюнча билдирүү кат ошол адамдын үйүнө барат. Мына ушул жагын элибиз азыр тереӊ эле түшүнүп калды. Буга чейин Мамлекеттик кызмат машиналарды каттоо боюнча жеӊилдиктерди бергенде, мен билгенден 200 миӊден ашуун жарандарыбыз тиешелүү адамдарга каттоо ишин жүргүзүштү.

—Эми реформалык багытта жасалып жаткан иштер боюнча айтып берсеӊиз?

 —Бизге бул багытта президент, премьер – министр  тарабынан жакшы колдоо болуп жатканын  баса белгилеп айта кетейин. Маселен, өткөн жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытындагы ишмердүүлүктүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында бир канча ченемдик укуктук актылардын долбоору иштелип чыкты. Ошондой эле, Өкмөттүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун иш-чаралар планын бекиттик. Ошондой эле, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүктөрүндө жаңыдан дайындалган кызматкерлердин профессионалдык деңгээлин жогорулатуунун үстүндө ишти күчөтүп жатабыз.  Мындан тышкары, бизде жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо боюнча мониторинг борбору түзүлдү. Буга чейин маалым болгондой,  Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүктөрү жана кайгуул күзөт кызматтарын бириктирүү жолу менен Патрулдук милиция кызматын түзүү боюнча чечими кабыл алынды. Бул иш 2019-2020-жылдары ишке ашат. Сынактын негизинде кызматкерлер ишке алынып, ИИМдин академиясынын базасында 4 ай окушат.

Кудай буйруса, Патурулдук милиция ишке толук кандуу кирип, иштеп баштаганда кылмыштуулукту, жол кырсыктарын азайтууга шарт түзүлөт. Маселен, кызматкерлерди  квадрат кылып бөлүп турабыз. Ошол өзүнө берилген аймактардагы кырсык-кылмыштар болгон жерге 3-5 мүнөттө барып турушат.

Эӊ негизгиси биз жол эрежелерин бузбоо маселеси боюнча  элге, айдоочуларга түшүндүрүү иштерин көбүрөөк жүргүзүүгө аракет кылып жатабыз. Мына ушул иштин негизинде  жол коопсуздугун камтыган 15 социалдык ролик  тартып, коомчулукка ЖМКлар аркылуу кеӊири жайылтып, көрсөтүп жатабыз. Ошондой эле, бул роликтер Бишкек шаарында жайгашкан 25 ЛЕД-экрандарда көрсөтүлүп жатат.

Маектешкен: Айбек ШАМШЫКЕЕВ