Бүгүн Нарында милициянын подполковниги Күнболот Касмалиевдин сөөгү жерге берилди.

Эске сала кетсек, 9-январдын түнү милициянын подполковниги, Нарын облустук  ИИББсинин улук опери Касымалиев Күнболотту өлтүрүп кетишкени маалым болду. Ал 37 жашта болчу. Анын сөөгү  Кант шаарында табылган. Ал эми айдап жүргөн машинеси «Дордой» базарынын аймагынан табылды.  Бул тууралуу маалыматты маркумдун жакындары билдиришти.

Маркумду  кечээ түндө  Бишкектеги туугандарынын үйүнөн тааныштары  чакырып кетишкен. Андан ары окуя кандайча болгону тууралуу азырынча такталып жатат.

Учурда Касымалиевди өлтүрүүгө шектүү катары милицияда мурун иштеп кетишкен эки адам кармалып, сурак берип жатышат. Учурда 1 адам кармалып, 3 киши сурак берүүдө.
Айрым маалыматтар боюнча кармалгандардын бири мурун түрмөгө олтуруп чыккандыгы айтылууда.

Ал эми ИИМдин маалыматы боюнча, саат 01:00 чамасында Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек—Торугарт айлампа жолунун 16-чакырымында автоунаа жөө адамды сүзүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, саат 01:00 чамасында белгисиз айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп, өзү качып кеткен. Анын кесепетинен оор жаракат алган жабырлануучу жол кырсыгы болгон жерден каза болгон.

Маркум 1998-жылы Нарын шаарындагы №3 Киров атындагы орто мектепти аяктаган. 2000-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин академиясына тапшырып, аталган окуу жайды 2004-жылы бүтүргөн.

Ал эми 2004-жылдын август айынан тартып 2011-жылга чейин Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Нарын шаардык, Нарын райондук ички иштер бөлүмдөрүндө тергөөчү жана ага тергөөчү кызматында, ал эми 2011-жылдан 2013-жылга чейин Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү, ага тергөөчүсү, 2013-2014-жылдары Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын тергөө иштери боюнча орун басары, 2014-2016-жылдары Кочкор РИИБдин башчысынын тергөө иштери боюнча орун басары, 2016-2018-жылдары Жумгал РИИБдин башчысынын тергөө иштери боюнча орун басары болгон.

Ал эми 2018-жылдын март айынан тартып Нарын ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн ыкчам өкүлү, ага ыкчам өкүлү кызматында, 2018-жылдын октябрь айынан тартып азыркы күнгө чейин ушул эле бөлүмчөнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага ыкчам өкүлү кызматында кызмат өтөп келген.

Милициянын подполковниги Касмалиев Күнболот Станбековичтин артында 2 уул, 1 кыз калды.

(Редакциядан: сүрөттөр жана тасмалар  turmush.kg  сайтынан алынды)

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here