Ысык-Көлдүн  Ананьев  айылындагы мүрзөлөрдү белгисиз адамдар  талкалап кеткени маалым болду. Талкаланган мүрзөнү  айыл тургундары кечээ кечки саат төрттөрдө көрүшкөн.  Адамдын үрөйүн учурган бул окуяга байланыштуу Ысык-Көл-Районун акими, милиция башчысы жана жергиликтүү тургандар окуя болгон жерге чогулушту. Алар милициядан күнөөлүү адамдарды таап беришин талап кылышты. Көрүстөндө жыгачтан белги коюлган 35, мрамордон тургузулган эки мүрзө талкаланган. Учурда иликтөө иштери башталды.