Ысык-Көлдө жубайлардын ортосунда чыр чыгып, анын кесепетинен катуу жаракат алган 4 айлык наристе чарчап калганын «turmush.kg»   өз булактарына таянуу менен жазып чыкты. Бул каргашалуу  окуя 2018-жылдын 28-декабрында болгон.

Тоң районундагы Туура-Суу 1 айылынын четинде жайгашкан кашарда жашаган жубайлар урушуп кеткен.  Өзүн кармана албай жиндеген  күйөөсү жыгач менен аялын чабам деп, колунда кармап турган төрт айлык кызын башка чаап алган. Ал учурда күйөөсү мас  болгон. Кызын чаап салганына жини келген аялы  күйөөсүн сол колунун булчуӊуна бычак менен сайып жиберген.

Уруштан кийин 4 айлык кызы Тоң райондук ооруканага жаткырылып, наристе бир күндөн кийин чарчап калган. Бул үй-бүлөнүн улуу эркек баласы туугандары менен бирге жашаганы белгилүү болду.
Учурда күйөөсү шектүү катары камакка алынса, аялы Баткенге – төркүнүнө кеткен.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here