Хижин

Непал өлкөсүнүн батышында аялдардын айыз келген маалында үйдөн кууп  чыгышат. Ал булардын ата-бабадан калып, уланып келген салттарынын бири. Ошол учурда аял үйдө болсо жамандык алып келет деп түшүнүшөт.

35 жаштагы сырттка калган аял эки баласы менен хижинге (терезеси жок,кичик жапыс сарай) баш калкалаган. Үшүгөндүктөн сарайдын ичине от жагышып, натыйжада  түтүнгө ууланып 12 жана  9  жаштагы балдары менен энеси каза болгон. Окуянын эртеси алардын сөөгүн кайын энеси тапкан — деп айтылат маалыматта.

Мындай окуялар Непалдын айрым аймактарында көп эле кездешет.Жаӊы төрөгөн аялдарды дагы өзүнчө бөлүп коюшат. Ал эми окуучу кыздардын айызы келгенде мектепке жиберишпейт.

2017-жылы Непалда ушул салтты колдонгондор 30 доллар айып пул төлөп, 3 айга камалат деген мыйзам кабыл алышкан. Бирок ошого карабастан салтты бекем кармангандар, колдонуп келишет.