Кытайдын окумуштуулары башкалардын оюна келбеген көп нерселерди иликтеп келишет. Бул жолку иликтөөсү да кызык болду. Ал иликтөө тууралуу көптөгөн чет элдик ЖМКлар жазып чыгышты. Гуанчжоу университетинин окумуштуулары ооздун тиешелүү деӊгээлде тазаланбаган  гигиенасынан улам тиш бүйлөлөрүндө пайда болгон илдеттерди байкашкан. Анын кесепети өзүнчө оору катары бааланып, ал жыныс мүчөгө кан жиберип турган тамырларга зыян келтириши мүмкүн экендиги аныктап чыгып, ушундан улам эркектердин бел кубаты азайып кетет деген жыйынтыкка келишкен. Мындай кызыктуу иликтөөгө жалпысынан  200гө жакын  эркек катышты.

Окумуштуулар: импотенциянын алдын алуу үчүн күнүнө оозду эки маал жууп туруу керек, жөн эле жууп тим болбой  тиштин ортолорун тазалоо үчүн атайын жип колдонууну да сунушташкан.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here