Өзбекстанда  “коомдук тартипти камсыздоонун механизмдерин оңдоого багытталган» мыйзамга президент Мирзиёев  бүгүн кол койду.

Эми мындан ары  сойкулук менен алектенгендерге минималдык эмгек акынын үчтөн жетиге чейинки өлчөмүнө барабар айып салынат. Мурда айыппул минималдык эмгек акынын бирден үчкө чейинки өлчөмүндө болчу.

Жаңы мыйзам боюнча бир жолу айыпка жыгылгандар бир жыл ичинде сойкулук менен алектенип кайра кармалса, минималдык эмгек акынын бештен онго чейинки өлчөмүнө барабар айыпка кириптер болот же 15 суткага чейин камакка алынмакчы.  2018-жылдын 1-ноябрынан тартып Өзбекстанда минималдык эмгек акынын өлчөмү 202 730 сум деп белгиленген. Бул акча долларга которгондо  24 долларды түзмөкчү.