Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ишмердүүлүгүнүн 2018-жылдын 12 айында жазалган иши.

КР ИИМнин ЖКККББнын жана анын жер-жерлердеги түзүм бөлүмдөрүнүн 2018-жылдын 12 ай аралыгындагы ишмердүүлүгү, республикадагы жалпы-саясий жана социалдык-экономикалык окуялардын топтому менен уюштурулду. Өзгөчө жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга, жол кыймылындагы бүтүндөй катышуучулар сыяктуу, ар кандай деңгээлдеги делегация жана кайтаруудагы жактардын атайын каттамдарына, балдар катышкан жол-унаа кырсыктарынын алдын алууга, кылмыштын бетин ачуу менен коомдук жайларда коомдук тартипти камсыз кылууга көңүл бурулду.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчилиги коомдук тартипти сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытындагы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отурумдарында жана мамлекеттик органдар, жарандык коомдор уюштурган форум жана семинарларда катышты.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытындагы ишмердүүлүктүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында бир канча ченемдик укуктук актылардын долбоору иштелип чыкты.

Мисалы;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун иш-чаралар планы.

-“Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Мониторинг борборунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана аны материалдык-техникалык жактан өз убагында камсыздоо

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринин көрүүнү чектелишин-күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автоунаа каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтому бекитилди;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлорун даярдоо боюнча иш-чаралар Планынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты тарабынан КР ИИМне автоунаа транспорту менен коркунучтуу жүктөрдү ташууну ишке ашырууга, алардын коопсуздугун камсыздоого карата коюулуучу негизги талаптарды аныктай турган, коркунучтуу жүктөрдү ташуу процессине тартылган бардык катышуучулардын өз ара мамилелерин, укуктарын жана милдеттенмелерин регламенттештирүүчү Эл аралык коркунучтуу жүктөрдү жолдордо ташуу

боюнча Европа макулдашуусуна кошулуу жөнүндө тийиштүү Мыйзам долбоору даярдалды.

-“Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун алкагында жаңы ченемдерди жана танытуу белгилерин ишке киргизүү, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүлүштөрүнүн кызматкерлерине мүнөздүү эмес милдеттерди аткарууну жокко чыгаруу максатында “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жолдо жүрүү эрежелерин жана транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча негизги Жоболорду бекитүү жөнүндө»;

-«Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына кароого жиберилди;

-«Бузуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинеөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына кароого жиберилди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытындагы ишмердүүлүктүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында КР ИИМдин ЖКККББы тарабынан төмөнкү иш-чаралар жүргүзүлдү:

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүктөрүндө жаңыдан дайындалган кызматкерлердин профессионалдык деңгээлин жогорулатуу, жол кыймылынын катышуучулары менен байланышты жакшыртуу боюнча атайын сынактар (экзамендер) өткөрүлүп, ЖККК бөлүктөрүнүн иштөө шарттары, материалдык–техникалык базасы жана кызматкерлердин моралдык абалы менен танышып, тийиштүү практикалык жана методикалык жардамдар берилди.

Жол кыймылынын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоо максатында ЖККК бөлүктөрүнүн ишмердүүлүгүн жогорулатуу үчүн атайын Нускама иштеп чыгылды.

Кыргызстандагы улуттук жарым ай коомунун жардамы менен ЖККК бөлүктөрүндө жол кырсыгы болгон учурда жабыркагандарга биринчи жардамдарды көрсөтүү боюнча теориялык жана практикалык окуу үйрөнүү иш-чаралары өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББда жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо боюнча мониторинг Борбору түзүлдү.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүктөрү жана кайгуул күзөт кызматтарын бириктирүү жолу менен Патрулдук милиция кызматын түзүү боюнча чечими кабыл алынды.

Жаңыдан түзүлүп жаткан Патрулдук милиция кызматы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо

башкы башкармалыгынын структурасына киргизилип, бул пилоттук долбоорду 2019-2020-жылдар аралыгында ишке ашыруу каралды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын расмий баракчасы (GUOBDD.KG расмий баракчасы) иштелип чыгып учурда мааламаттар менен толукталып жатат.

КТРК «Ала Тоо-24» телеканалында жумасына бир жолу прайм-тайм убагында (экинчи/төртүнчү күндөрү саат 20:45, кайталоо саат 22:00 дө) 10 мүнөттүк «Жол коопсуздугу»«Дорожная безопасность» долбоору мамлекеттик жана расмий тилдерде көрсөтүлүүдө.

Жол коопсуздугун камтыган 15 социалдык ролик иштелип чыгып, учурда сыналгыларда жана Бишкек шаарында жайгашкан 25 ЛЕД-экрандарда көрсөтүлдү.

Жол кырсыктарын анын оор кесепеттерин кыскартуу, айрыкча балдар катышкан жол кырсыктарын азайтуу, жол кыймылынын катышуучулары арасында үгүт насаат жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча бир катар иштер аткарылды.

Туристик сезон мезгилинде ошондой эле 3-көчмөндөр оюндары өткөрүүдө жол кыймылынын коопсуздугу боюнча иштер болду.

Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөр командасы Казак Республикасында өткөрүлгөн слётто жеңиштүү 3-орун, Россия Федерациясындагы слёттон жеңиштүү 1- орунга ээ болуп келди.

Жалпысынан ИИОнын ЖККК бөлүктөрү тарабынан мектеп окуучулары арасында жол кыймылынын коопсуздугу боюнча талкуулар жана лекцияларды, ошондой эле, жеке автоунаа мекемелеринде жана коомдук транспорт бирикмелеринин айдоочулары менен профилактикалык багыттагы жолугушуулар өткөрүлдү.

Республика аймагында мектеп окуу жайыларында ЖККК класстары жана бурчтар уюштурулду.

2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирип жаткан Кыргыз Республикасынын «Бузуулар жөнүндө» Кодексине ылайык «Бузуулардын бирдиктүү реестрине» өз убагында жана бирдиктүү каттоону жер-жерлердеги ЖККК бөлүктөрүндө уюштуруу боюнча КР ИИМдин ЖКККББнын жооптуу кызматкерлери бекитилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

2018-жылдын 12 айында республиканын аймактарында жол-унаа кырсыгы катталып, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу -5,5%гатөмөндөп, анын кеспетинен каза болгондордун саны -21,0%га жана жаракат алгандардын саны -4,2%га азайган.

2018-жылдын 12 айында балдар катышкан жол кырсыктарынын саны-0,9%га азайып, анын кесепетинен каза болгон балдардын саны -16,3%га төмөндөдү

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here