Бишкектеги №1 СИЗОнун кире беришинде эки милиционер чылым чегип, түкүрүнүшкөн. Окуянын видеосун окурман Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp каналы аркылуу жөнөткөн.

Белгилүү болгондой коомдук жайларда түкүргөнгө 5500 сом айып салынаары айтылгандан бери коомчулукта катуу талкууга алынып жатат.

Буга чейин дагы башка милиция кызматкеринин түкүрүнгөн видеосу тартылып алынган эле.