Чаткал районунун Терек-Сай айылында алтын кенин иштеткен «Чаарат Заав» фирмасына техника алып бара жаткан 25 жаштагы айдоочу окко учуп каза болгонун Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тастыктады.  «Азаттыкка»  компаниянын өкүлү маалыма берген. Ал буларды айтып берген: « Кенге эки техниканы башкарып бараткан эки айдоочу менен эки шеригин жолдо белгисиз адамдар тороп, акча доолашкан. Бул маалыматты бизге ошол замат айдоочулар телефон аркылуу билдиришкен. Жол торогондор менен сүйлөшүп, алар жолун улаган. Кийин 8 чакырымдан соң артынан кууп барып, айдоочуну атып салышкан. Ал ооруканага жетпей жолдо каза болуп калды. Окуяга байланыштуу 4 жергиликтүү тургун кармалган». Каза болгон У. Койчиевди  Аскат аттуу айдоочу мас абалында ИЖ 16 үлгүсүндөгү кош оозу мылтык менен көкүрөккө атып, качып кеткен. 

Чаткал кени

Чаткалдагы Терек-Сайдагы кендин айланасындагы буга чейинки чырга байланыштуу 15 адам кармалып, 13 үй камагына чыккан. Кылмыш иши козголгон, иликтөө иштери жүрүүдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here