Данияр Абдыкаров  деген генерал «Манас» аэропортунун авиациялык коопсуздук жана тартип дирекциясынын директору болуп дайындалганы маалым болду. Маалым болгондой бул кадр коомчулукта эӊ жек көрүнгөн, дайым сын менен келаткандардын бири. Ал быйыл жайында ИИМден орун басарлык кызматтан кеткен. ИИМге  орун басары болуп 2016-жылдын башында дайындалган эле. Анын дарегине карата парламентте жана маалымат каражаттарында бир топ сын айтылып келет.  Буга чейин Абдыкаров эмгек өргүүсүнө чыккан соң министрдин уруксатын албай туруп өлкөдөн чыгып кеткени кабарланган эле. Кийин анын Түркияга барып келгени аныкталган.  Ошондой эле аны Камчы Көлбаевге тизе бүгүп, жолукканын да жазып чыгышкан. Атамбаев ага Исраилов деген жан сакчы министрине кошуп, көтөрмөлөп, генерал чинин  берген. Ар дайым жөн иштебей ызы-чуу менен жүрө берсеӊ, ушинтип кызматтан кызматка барып, жыргай турган көрүнүш биздин өлкөдө кадыресе адатка айланды окшобойбу.