Кыргызстандагы окуу жайлардын ичинен улуттук деген статусу бар бакыйган Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен канчалаган адамдар билим алып, көптөгөн мыкты уул кыздарды уядан учурду. Бүгүнкү күндө да аталган окуу жай көптөгөн жаштарды тарбиялап өстүрүп жаткандыгын жашырып болбойт. Албетте ак менен кара кошо жанаша деген турмуштун мыйзамына ылайык мыйзам бузуулар дагы жок эмес. Бирок дал ушул университетти жаман деп коюп жыл сайын окуу жайга тапшыра албай калган жеткинчектердин саны канча. Мындайда мышык майга жетпей жатып сасык дептир дегендей аталган окуу жайдын болбой эле флагманы бар. Бирок дал ошол бийик статусун түшүргөн кимдер деген суроого жооп издеп көрсөк. Жыйырма биринчи кылым маалыматтык согуштун кылымы болуп калгандай эле, азыр ишкананын же кандайдыр бир мамлекеттик кызматтын иштерин чагылдырган күзгүсү бул – анын маалымат катчысы экендиги талашсыз. Башкача айтканда жаманын жашырбаса дагы, кылган кызматтын, аткарылган иштерин коомчулукка кенен жайып жеткирүу дал ушул маалымат катчылыктын иши. Биз жогоруда айтып жаткан улуттук университет тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарын карабайлы, бир беткей окуу жайдагы терс иштер тууралуу гана окуп билүүгө болот. Албетте бул макаланы даярдоодон мурун мен да ойлондум , себеби дал ушул окуу жайга тапшырууну эңсеп бир канча жыл мурун аяктаган элем. Бирок негедир ушул күнгө чейин университет тууралуу деле жарытылуу мактанаарлык маалымат окуй албадым. Бирок жыл сайын эле он беш жыл мурунку мага окшоп тапшырууга келгендердин саны арбын. Башкасынан дагы биздин кыргыздын улуттук университети болгондуктан, маалымат тармагын мыкты тейлеген адис келмейин, окуу жайга Гарварддын ректору Лоуренс Бакоуду же Москва мамлекетттик университетинин ректору Виктор Садовничийди алып келсе дагы ушул картинаны эле көрүүгө болот. Окуу жайга ким башчы болуп келбесин, анын каршылаштары сөзсүз пайда болуп, аны каралоо иштери дайым болуп келээрин жашырып болбойт. Бирок маалымат айдыңында андайга жол бербей окуу жайдын намысын коргой турган университеттин басма сөз кызматы күн өткөрүп жөн эле айлык алып отуруп келет. Жетекчилик буга да көз жумганына караганда баягы кыргызчылык тууган-билиш, өң –тааныш дегендей жогору жактан же көз кырын салган бирөөсү барбы айтоор кылы кыйшайбай келет. Албетте жөн эле каралап жамандоодон алыспыз бирок башка Манас түрк, Борбор Азия Америка университеттирнен эч кеми жок окуу жайдын күзгүсү болгон бир-эки кызматкердин айынан бакыйган университет өз флагманын жоготуп бара жатканы өкүндүрөт. Бул кыргыздын бир карын майды бир кумалак чиритет деген макалдын чечмелениши эмей эмне.