Бишкектин борбордук аянтына бүгүн 300дөй киши Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык мигранттарды өлкөдөн чыгарууну талап кылып митингге чыгышты. Алар ошондой эле жаңы кабыл алынган эреже бузуу боюнча айыппулдарга да нааразы экенин да билдиришти.

Катышуучулар митингге Кара-Балтадан жана Бишкектин айланасындагы жаңы конуштардан келишкен. Белгилүү болгондой  буга чейин «WatsApp» аркылуу 7-январда Кыргызстандагы кытайлардын маселесине арналган митинг өтө тургандыгы жөнүндө билдирүүлөр тараган болчу. Топтолгондор талаптарын айтышкан жок, бирок кыйкырган сөздөрүнөн Кытай экспансиясына каршы экенин угууга болот. Митигге чыккандар кечке маал КТРК имаратынын барышып, эфир талап кылышты.

Коомдук телерадиокорпорациянын жетекчиси Илим Карыпбеков митингчилерге чыгып, «Ала-Тоо 24» каналынан митинг тууралуу сюжет түрүндө жаңылык кетирүүгө убада берди.