Талас облустук милициясы үйлөнүү той учурунда автоматтан ок атылганы тууралуу видеонун чоо-жайын иликтеп чыкканын билдирди.  Маалыматта:  ок атылган эмес, себеби видео монтаждалган, ал эми адамдардын колундагы автомат чыныгы курал эмес, жыгачтан жасалган муляж экени аныкталганы, учурда тасма ал тасманы монтаждоого тиешеси бар деп 21 жаштагы тургундар шектелип жатканы айтылат. Бул окуя 2018-жылдын күзүндө Таласта болгон.

Бүгүн интернетте үйлөнүү тоюндагы кортеж “Манас-Ордого” кетчү жолдо баратканы, машиненин терезесинен чыгып алган эки адамдын бири колундагы автоматтан өйдөнү көздөй аткылап жатканы тартылган видео тараган. Анын алдында “Таласта үйлөнүү тоюнда автоматтан атышты. ИИМ каякты карап отурат?” деген жазууну көрүүгө болот.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here