Кыргыз  эл артисти, Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын профессору Эсенбүбү Бекманбетова оорудан улам 2-январь күнү  62 жашында каза тапты. Анын менен коштошуу зыйнаты Опера жана балет театрында бүгүн болуп, сөөгү  Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди.  Эл артисти 1957-жылдын 13-июнунда Талас районунун Чоң-Алыш айылында туулган.

Эсенбүбү Нурманбетова 1987-1988-жылдары Москвада Чоң театрда билимин өркүндөтүп, СССРдин эл артисти, профессор Лисициандын классында сабак алган. Вокалдык искусствонун устаттык жолун улап, Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваторияда жеке ырдоо бөлүмүндө жаштарды тарбиялап, иштеп келген.

Маркум эмгек жолун 1984-жылдан Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында опера ырчысы катары баштаган.

Эсенбүбү Нурманбетова опералык ырчы катары чыгармачыл жолунда көптөгөн белгилүү партияларды аткарган. Алсак, В. Власов, А. Малдыбаев, В. Ференин «Айчүрөк» операсында Калыймандын, «Ажал ордунда» музыкалык драмасында Зулайканын, «Токтогулда» Валентинанын, Н. Давлесовдун «Аста секин колуктусунда» Зияданын, Ж. Каниметовдун «Ак Мөөр» опера-легендасында Ак Мөөрдүн, Ж. Вердинин «Риголетто» операсында Джильданын, «Травиатада» Виолеттанын, Россининин «Севильялык чач тарачында» Розинанын, Штраусстун «Цыган барону» опереттасында Арсенанын жана башка партияларын аткарган.

Эсенбүбү Нурманбетова кыргыз, казак, орус жана чет элдик композиторлордун романстарын, опералардын арияларын жана элдик ырларды мыкты аткара билген.

Кезинде кыргыз опералык труппасы мурдагы СССРдин көптөгөн шаарларында ийгиликтүү гастролдорду өткөргөн. Ал гастролдордогу спектаклдерде Эсенбүбү Нурманбетова негизги опера партияларды аткарган. Кыргыз опералык труппасынын гастролдору Румынияда, Алжирде, Түркияда, Кытайда, Индияда, Монголияда ийгиликтүү өткөнү белгилүү.

Чыгармачыл жолунда Эсенбүбү Нурманбетова өзүнүн аткаруучулук чеберчилигин дайыма өркүндөтүп, бай тажрыйбасын жаштар менен бөлүшүп келди. К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваторияда насаатчы болуп келди. Эсенбүбү Нурманбетованын көп жылдык чыгармачыл эмгеги түрдүү эл аралык конкурстарда белгиленип, мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болду. Кыргыз театралдык искусствосун өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Эсенбүбү Нурманбетова «Кыргыз Республикасынын эл артисти» деген жогорку наамга татыган.

Белгилүү опера ырчысы, педагог Эсенбүбү Нурманбетованын жаркын элеси кыргыз чыгармачыл интеллигенциясынын, музыка сүйүүчүлөрүнү жүрөгүндө терең сакталат.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here