Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын 37 жаштагы тургуну травматикалык тапанча менен жүрөк тушка ок жеп, ооруканага жаткырылufysy Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Окуя кечээ болгон. Маалыматта:  « Милиция кызматкерлери жүргүзгөн тергөө амалдарынын негизинде шектүү адамдын өздүгү аныкталган. Ал ушул эле Балыкчы шаарынын тургуну 1989-жылы туулган адам болуп чыкты. Учурда анын жүргөн жерин тактап, травматикалык куралды алуу тапшырмасы берилип, тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат.» — деп айтылат. 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here