Ал эми жыныстык жашоого эрте даяр болуу — кийин психикалык ооруларга, жыныс органдарынын илдеттерине жана эмчек рагына алып келиши мүмкүн.

Бир нече жылга созулган изилдөөгө 388 кыз катышкан. Адистер алардын ден соолугу, психологиялык абалы тууралуу төрөлгөндөн бой жеткенге чейин көзөмөлдөп турушкан.
Жыйынтыгында жеке гигиеналык каражаттардын, тагыраагы, шампунь, тиш жуучу паста жана самындын курамындагы фталат, парабен, фенол сыяктуу консерванттар организмине көбүрөөк таасир эткен кыздар эрте жетилгени анык болгон.

Окумуштуулар аталган заттар гормондорго катуу таасир этип, алардын ишин бузарын аныкташкан.

Мындай кыздардын төшү эртерээк чоңоюп, этек кири сегиз жашына чейин эле келе баштаган.

Sputnik.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here