«Республика-Ата журт» фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов кыргызстандыктарга Кайрылуу жасап, ичиндеги бугун чыгарып алганган аракет кылыптыр. Шайлоодон кийин 600 миң шайлоочунуни ишенимин, үмүтүн тебелеп салып, ден-соолугуна шылтап, артын карабай Москвага качып кеткени белгилүү. Качып кетишине өзүнө далилдер менен козголгон бир эмес, эки кылмыш иши себеп болгон. Акыркы учурда БӨТтүн жакшылыгын көрүшкөн айрым ишенимдүү депутаттары эле бакылдап актоо аракетин көрүп жатышат. Эми алар айла жоктун ишин кылып жаткандагысы. Аларды да түшүнсө болот.

 

Төмөндө качкын, эл ичинде “рейдер” аты  Бабановдун кайрылуусуна көз чаптырыңыздар:

Соңку кездери маалымат булактарында «Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келет экен» деген сыяктуу маалыматтар тарап атат. Буга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин берген акыркы интервьюсу себеп болду окшойт. Ал маегинде мага карата козголгон кылмыш ишин кайра жабуу тууралуу да сүйлөшүүлөр болгон деген сөздү айтты. Мен мындай сүйлөшүү болбогонун расмий билдирем. Дагы бир жолу кайталайм, президентибиз Сооронбай Шарипович, экс-президент жана менин – үчөөбүздүн ортобузда андай маанидеги сүйлөшүү же макулдашуу болгон эмес. Эми муну Алмазбек Шаршеновичтин жеке абийирине койдум. Элимди кайсы бир саясый топтордун же саясатчылардын мен тууралуу айткан сөздөрүнө ишенбөөгө чакырып кетем. Мен мындан бир жыл мурун саясаттан биротоло кеткенимди, бизнес иштери менен алек болорумду жарыялагам. Саясаттан тышкары жүрүп дагы, элиме, мекениме кызмат өтөсөм болот. Жаңы бизнес долбоорлорумду ишке киргизе алдым. Кудай буйруса, ал долбоорлордун үзүрү бир нече жылдардан соң Кыргызстанга да пайдалуу болуп каларынан шегим жок. Мен эми саясатка кайрадан кайтып барбайм. Бул менин кабыл алган акыркы чечимим. Саясатта кимдир бирөөлөрдү өзүмө курал кылууга да, кимдир бирөөлөргө өзүм курал болууга да жол бербейм. Менин сыртымдан тон бычып, менин атымдан чечим кабыл алгандарды өз абийирлерине койдум.

Деги эле Бабанов  абийир, тазалык, намыс тууралуу сүйлөсө бир эсе күлкүң, бир эсе кыжырың келет. Башкасы сүйлөсө да, ушул качкын сүйлөбөй эле койсо… Убагында Атабаевге укмуш жагалданып жүргөнү жакшы маалым. Эми азыркы бийликке  жол таба албай убара. Кошоматчылыгы, намыссыздыгына чек жок экен.

Башканын абийиринен мурун, өзүнүн «шакмар» абийрин тазалап алсынчы. Бирок, Кудай деген бар, жооп берчү, абийирди  акча, байлык, мансап менен эмес, керт баш менен  тазалачу күн келет…

Сурат Тергебаев

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here