Сузак райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Музаффар Исаковду үч жылга шарттуу кесип, беш жылдык мөөнөткө мамлекеттик кызматтарга иштөө укугунан ажыратты. Мындай чечимди сот бүгүн  чыгарды. Ал эми Мамлекеттик айыптоочу Исаковдун үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен аны 12 жылга эркинен ажыратууну жана сот залынан камакка алууну өтүнгөн. Себеби, ага козголгон кылмыш беренси оор болуп эсептелет.

Экс-депутат менен чогуу айыпталып жаткан райондук архитектуранын жана Таш-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерине карата да үч жылдык шарттуу мөөнөт берилди.

Башкы прокуратура Музаффар Исаковго 2017-жылы Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ага “Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда 315 мыйзамсыз токтом чыгарган” деген айып коюлган. Ал  өткөн жумада мандатын тапшырып берген. Анын ордуна мурун депутат болгон Өмүрбек Бакиров депутат болуп келди