Бишкек шаардык соту Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иши боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырып койду.  Мындай маалыматты Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой 25-июлда Биринчи май райондук соту Матраимовго Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечим чыгарган.  Матраимовду өткөн жылдын  23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков  кызматтан алынган. Өкмөт бул чечимди «анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деп негиздеген болчу. Бул чечимге нааразы болгон «Раиммиллион» быйыл август айында сотко кайрылган.